Акыйкат жеңип, Канатбек Исаев экинчи ирет түрмөнү “сындырып” чыкты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Бийликти басып алуу, массалык башаламандык уюштуруу» жалаасы менен Канатбек Исаев 2017-жылы кармалып, он ай түрмөдө отурган. Бул көрүнүш саясый куугунтук катары коомчулук тарабынан бааланган эле. Акыры чындык жеңген. Бирок Соке бийликте турганда «котур ташын койнуна катып», береги ишти жаптырбай коюптур. Тилекке каршы, өткөн жылдын октябрь айында Канатбек Исаев кайрадан эски шылтоо менен камалган болчу. «Түсү ийгиден түңүлбө» дейт кыргызда. Акыры «Көкжал» сабырдуулугун көрсөтүп, арабызга кайтып келди. Ошентип, акыйкат жеңип, түрмөнү эки жолу «сындырып» чыкты. Каарманыбыз келечекке карай саясаттын чордонунда болору, элдин үмүтүн актай турганы жашыруун эмес. «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg