Мэрди көгөрүп кеткен бут кийим менен чапкан аялга 2 бөлмөлүү батир берилди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Шаар мэрин бут кийим менен чапкан Орусиянын Углегорск шаарынын тургуну Людмила Аникеевага батир берилди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты. Ушул жумада социалдык тармактарда Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренконун Углегорск шаарынын калкы менен жолугушуусун чагылдырган видео жарыяланган. Видеодо аял алгач үйдөгү нымдуулуктан улам көк басып калган бут кийимди көрсөтүп андан кийин бут кийим менен Углегорск шаарынын акими Дмитрий Цукановду чаап жиберген. Кийинчерээк полиция аялды алып чыгып кеткен. Бул видео кызуу талкууга алынган. Андан кийин эле Углегорск шаарынын мэри аялга шаардын борборунан 2 бөлмөлүү батир берген. «Жаңы турак-жай бизди абдан канааттандырды», — деген кубанычына коюнуна батпаган Аникеева.

Аргумент.kg