ДомойКоомЭлчилик кызматты эмес, ээн ооздук менен алектенген Бекназаровду кызматтан албаса болбойт

Элчилик кызматты эмес, ээн ооздук менен алектенген Бекназаровду кызматтан албаса болбойт

Азимбек Бекназаров мезгил-мезгили менен акыл үйрөтүп коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурганды жакшы көрөт окшойт. Элчи болуп кеткенден кийин, милдетин аткарып эки өлкө ортосунда саясий-экономикалык байланышты күчөтүүнүн ордуна, кылчактап Кыргызстандагы окуяларга баа берип, акыл үйрөткөнүн койбоду. Акылы ашып жатса, жөндөмү менен эмнеге инвестиция тартып, мамлекеттер ортосундагы байланышты күчөтпөйт? Анын саясий жолун деле жакшы билебиз, тополоң чыгаруу, адам каны төгүлгөн окуялар менен гана коштолот. Көп учурда уялбастан туруп, жалган айтканга уста. Маселен, 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин “Акүйдөн аткан снайперлер колго түшүрүлдү” деп жарыялап, кийин сөзүн далилдей албай койгон. Башкы прокурор болуп туруп акчалуу бизнесмендерди тоноп, ар кимди кызматка дайындап акча алган ач көздүгү менен эсте калган.
Улгайып калганда дагы жөн тура албай, улам бузукулук кылып турат. Жетишет го, ансыз дагы Азимбек Бекназаровдун манипуляциясы Кыргызстандын тарыхында көп кооптуу абалдарга алып келген окуялар менен коштолгон. Аксыда Бекназаровго ишенип адамдардын каны төгүлгөн. Кийин, ал ишенимдер Бекназаровдун ачкөздүгү менен курсагына сиңип кеткен.
Элчилик милдети так аткарбай, бузукулук кылган Бекназаровду кызматтан бошотуп салуу керек. Анын ордуна мамлекет үчүн пайдалуу иш жасай турган прогресивдүү жаштар бар.

Арыба.орг

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз:
0702-121100,
0772-121100,
0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда