ДомойКоомИлгиз Шаменов: “Ишкерлигимди жапканга аракет кылышып, бирок кыйкым таба алышкан жок”

Илгиз Шаменов: “Ишкерлигимди жапканга аракет кылышып, бирок кыйкым таба алышкан жок”

— Силердин балык чарбаңарга байма-бай текшерүү жүргүзүшүп, УКМКга  суракка чакырып жатышат. Бул ишкерликке тоскоолдук эмеспи?

— “Бул саясый куугунтук” десем болот. Мунун баары мен чыркырап, Жетим-Тоо тууралуу ачык сындарды айтканга байланыштуу. Мисалы, “Жетим-Тоону казабыз” деп чыгышканда, каршылыгыбызды билдирип атып токтотууга жетиштик. Жакынкы күндөрү Жетим-Тоону казууга белсенишип, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов да Нарынга келип кетти. Биз бийликтин бул оюн токтоттук. Ошондон кийин тиш кайрап калышты. Ишкерлигимди жапканга аракет кылышып, бирок кыйкым таба алышкан жок. Азыр деле түрдүү текшерүүлөрдү жүргүзүшүп, кысым көрсөтүүлөр уланууда. Бирок менин иштерим таза. Алардан коркууга кажет жок. Текшерүү органдарынын балык өстүргөн, атамекендик өндүрүш менен алектенген ишкерлерге кылган мындай мамилелери уят эле көрүнүш.

— УКМКда болгон сурак СЭЗ Бишкектин жетекчиси Кудурет Тайчабаровго байланыштуу да болду окшойт…

— Кудрет Тайчабаровдун бир тууган карындашы Адинай Марипова президенттин кеңешчиси эмеспи. Ал ошол карындашынын арты менен кызматка келген да. Кызматка келгени менен эч бир өндүрүштү түшүнбөйт. Өндүрүш эмне экенин билбейт. “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) башкы директору кызматын пайдаланып, ишкананын эсебинен 110 миң сомго уюлдук телефон (iPhone 12 Pro Max) жана 2 млн. сомдон ашык каражатка автоунаа (Тойота Ланд Крузер 200) алып, аябай кутурду. Аталган ишкананын ичинде дагы майда коррупциялык иштер бар. Ошолордун баары каралып, кызматтан алынышы керек эле. Ал боюнча “текшеребиз, карайбыз” деп УКМКдан сөз жүзүндө билдиришти. Ал эми иш жүзүндө көрө элекпиз.

«Азия Ньюс» гезити

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз:
0702-121100,
0772-121100,
0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда