«Уулум апама куюп койгондой окшош». Ырчы Дайыр Исмадияров экинчи ирет уулдуу болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ырчы Дайыр Исмадияров уулдуу болду. Бул жагымдуу кабары менен ырчы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине бөлүштү.

«27-июль күнү экинчи уулум жарыкка келди. Уулумду темирдей бекем жигит болсун деген тилек менен Демир деп атадык. Экинчи уулум да апама куюп койгондой окшош. Бүгүн, буюрса, төрөтканадан чыгарып алдык. Учурда кубанычым коюнума батпай турган чагым. Уулум келечекте кыргыздын керегине жараган азамат жигиттерден болсо экен деп тилейм», — дейт Дайыр Исмадияров. 

Эске салсак, Дайыр Исмадияровдун Дастан аттуу тун уулу бар, ал учурда 5 жашта.

Аргумент.kg