ДомойСаясатАтай Бейшенбек: «Садыр ава, уланта берейинби?!»

Атай Бейшенбек: «Садыр ава, уланта берейинби?!»

Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшенбек өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Башкы максаттары ата-мекендик өндүрүштү колдоо, инвестиция тартуу жана жумушчу орундарды түзүү болгонуна карабай Кудрет ЭЭА «Бишкекти» каалагандай башкарып, каражаттарды да каалагандай сарптап турган….

Өзүн меценат элестеткиси келгенби айтор, Алматыда өткөн волейбол турнирине ЭЭАда иштебеген 16 адамдын форма, жол киреси, жатаканасын жана тамак ашын каржылап башкы демөөрчү болуп жиберген…

Аларды жиберип эле койбостон бул «катта» шоопурун айдатып алып ал турнирге өзү да барып келген.

Бардык чыгым (СЭЗ) ЭЭА «Бишкектин» бюджетинен, ал деген мамлекеттен кетти деген, мамлекет сен менен менин акчам…

Макулсуңбу ушундай чиновниктердин чыгымдарына?!

Спортту колдош керек туура, бирок анын баары ирээти, тартиби менен болсо… ЭЭАнын кызматкерлери катышкан турнир болсо бир жөн…

Садыр ава, уланта берейинби?!», — деп билдир калтырган.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз:
0702-121100,
0772-121100,
0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда