ДомойКоомКүйөөм нике түнүбүздө апасынын койнунда уктады

Күйөөм нике түнүбүздө апасынын койнунда уктады

Муздак жаздык кучактап жаткан күндөрүм көбөйдү.
Биринчи нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктаган. Качан келет экен деп таң атканча күткөнүм дале эсимде. Келген эмес. Азыр да кез-кез апасынын жанына барып жатат.
Баары кайын энемдин айынан.
Баласын менден ашыкча кызганат. Бул нерсени жаңы келгенде эле байкагам. Жашоомду чыр- чатак менен баштагым келбей тилимди катып жүрдүм. Күйөөмө да үндөгөн жокмун. Бирок муздак жаздык кучактап жаткан күндөрүм көбөйө баштады.
— Жакшы жат.
— Бүгүн дагыбы?
— Эми эмне кыл дейсиң, апам да.
— А менчи?
— Баштабачы!
Күйөөм үйдүн уулусу. Өзүнчө бөлүнөлү десем, кайын энем макул болгон. Кийин күйөөмдү чакырып алып, «кетсең жүрөгүм ооруп калат», — деп айтыптыр. Ушунчалык кызганат дейсиңер, чогуу уктап жатсак, «жүр мени менен жатчы», — деп түнкү саат экилерде келип, күйөөмдү жанына
алып кетет.

Бул адаты балалуу болгондо да калган жок. Кайра күчөгөндөй өңдөнөт. Күйөөмө канча ирет айттым, «апам да»,- деп эле ийинин куушурат.
6 Жолдошум өзү жакшы адам. Апасынан бекитип белек-бечек алып келип берет. Аларды дароо катам. Кокус кайын энем билип калса, чоң жаңжал чыгаары анык.
Бир учур эсимде. Боюмда бар эле. Өрүк жегим келди. Күйөөмө чалып, жумуштан кийин ала келчи дедим. Макул болду. Кечинде алып келип, апасынын көзүнчө мага берсе, кайын энем бурулуп алып басып кетсе болобу. Эки күн бөлмөсүнөн чыкпай таарынып жаткан. Айласы
кеткен күйөөм алтын чынжыр алып берип таарынычын жазган.
Карып калды, унчукпай эле коеюн дейм. Бирок бул кылыгы кокомо жетти. Тажадым.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз:
0702-121100,
0772-121100,
0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда