ДомойКоомДайырбек Орунбеков жаңы кызматка дайындалды

Дайырбек Орунбеков жаңы кызматка дайындалды

Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын башчылыгына Дайырбек Орунбеков дайындалды. Бул тууралуу 3-августта расмий кабарланды.

Аталган кызматты буга чейин жетектеген Алтынбек Жумаев иштен бошотулуп, президентке кеңешчи болду.

35 жаштагы Дайырбек Орунбеков адегенде журналист катары таанылган. Кийинчерээк мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кескин сындаган жарандык активист катары белгилүү болгон. 2015-жылы сот аны моралдык зыян үчүн Атамбаевге 2 млн. сом доо төлөөгө милдеттендирген. Кийин Орунбековго козголгон кылмыш иши ага карата колдонулган мунапыстын негизинде өндүрүштөн кыскартылган.

2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин ошол кездеги мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун тарапкери болуп жүргөн. 2018-жылы социалдык өнүгүү министрине кеңешчи, 2021-жылдын январында «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчисине кеңешчи болгон. Азыркы кызматына келгенге чейин «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында бөлүм башчы болуп иштеди.

Ошондой эле Орунбеков Бажыдагы коррупцияга байланышкан иликтөөлөрдүн фигуранты болгон Раимбек Матраимовдун таламын талашып, иликтөөчү журналисттерди сындап жүргөн. Kloop басылмасы анын Матраимовду колдогон троллдор фабрикасына тиешеси бар экенин жазган.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз:
0702-121100,
0772-121100,
0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда