ДомойКоомСузак районунда кызын урганы үчүн энесине карата кылмыш иши козголду

Сузак районунда кызын урганы үчүн энесине карата кылмыш иши козголду

Социалдык тармактарга кызын жаакка чаап уруп жаткан аялдын видеосу тараган. Окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБ төмөнкүдөй маалымат берди.

— 2022-жылдын 28-июль күнү саат 10.00 чамасында Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында 37 жаштагы Х.Н. өзүнүн кыздары 18 жаштагы Х.Н. жана 12 жаштагы. Х.Э.ни себепсиз уруп койгон (кыздарын уруп жаткан учур видеого тартып алынган).

Бул окуя боюнча кыздардын атасы 48 жаштагы О.Ж. арыз жазган. Топтолгон материал Сузак РИИБдин МЭЖне «Үй-бүлөлүк зомбулук» болуп катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда сотко чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Маалыматтарга караганда, үй-бүлө көптөн бери урушуп, чогуу жашашпайт.

Видеодо аял «мага кылган өнөрүң ушулбу?» деп кызды жакка чапкан, ал эми кыздын «Н. мени уруп жатат, бети-башыма, кулагыма уруп салды» деп арызданганын угууга болот.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз:
0702-121100,
0772-121100,
0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда