ДомойКоомЭрнис Бөрүбаев: “Буй-буй” атуу ырдын тарыхы ушундай”

Эрнис Бөрүбаев: “Буй-буй” атуу ырдын тарыхы ушундай”

Бактияр Токторов:

— Тарыхы болбой туруп ыр жаралбайт экен. Мындан он жыл мурун ызалангандан, бук болгондон, Жараткандын буйругунан чыга албай баш ийүүдөн улам бул чыгарма жаралды десем болот. Адам каалаган нерсе болбойт экен. Балким, айткандарым уккандарга сабак болуп калар, өзгөчө жаш үй-бүлөлөргө.

1994-жылдары үйлөнө электе «атасынын баласы, муйдусунан өбөйүн» деп уулдуу болууну самап ыр чыгаргам. Андан кийин да келинчегимдин боюна бүтүп, УЗИге түшсө эгиз кыз экен. Ага чейин “кыз болсо алдырып салалы” деген элек. Эгиз экенин укканда тийбедик. Ошол убакта тыйын-тыпыр чогултайын деп Кытайга чыгармачылык менен кеттим. Султан Раев маданият министри болуп турганда “Кытайга барганда абайлагыла, ал жакта баары катуу тескелет” деп эскерткен. Анан ошол Кызыл-Сууга барганда жандуу үн менен ырдаганыбызды билдирели деген ой менен «Кыргызстан» аттуу ырыбыздын кайырмасын «Кызыл-Суустан» деп жибердим. Ошонун айынан бизди акчасы жок кетирип жиберишти. Бир жумалык иштегенибиз текке кетти. Ала турчу акчама үй-бүлөлүк абалымды бир аз оңдоп алууга болот эле. Камайбыз дегенинен түшүнүк кат жазып араң кутулганбыз. Келсем кыздарым ичтен өлүү төрөлүп, жерге беришкен экен. Келинчегим да жандандыруу бөлүмүндө көзү көрбөй 13 күн жатып калыптыр. Мен да тигил жактан акчасы жок келгем. Ошондогу абалымды “Күн караңгы, түн да караңгы, /Бизди ээрчиген ай да караңгы. /Бирге жүргөн бактылуу күндөр, /Тынчымды алат, козгойт санаамды. /Ыйлай-ыйлай калдың сен дагы…” деген текст аркылуу жараткам. Кыздарымды Алла Таалам өзү алып кетти. Мен дагы оозумдан жаңылдым окшойт. Ошон үчүн кыргызда «буюрса» деген сөз бар да. Мен бул ырды сахнада эмес, өзүмчө эле ырдап жүрчүмүн. Кийинчерээк эле белгилүү болуп кетти.

(“Супер ТВга берген маегинен)

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз:
0702-121100,
0772-121100,
0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда