ДомойКоомБактияр Токторовдун белгилүү «Буй-буй» ыры талашка түштү

Бактияр Токторовдун белгилүү «Буй-буй» ыры талашка түштү

туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты:

«Буй-буй» ыры боюнча кызуу талаш жүрүп жатыптыр.

Плагиат дегендери да жок эмес экен.

Албетте бул сөздөр чыгарманын аябай популярдуу болуп кеткенинен го дейм. Италиялык блогер да кошумча болду окшойт.

Жеке оюмда бул ырчынын чыныгы ички туюму жана чыгармачылык толгоосу менен жаралган туунду.

Ал эми бирөө 60-жылдары «буль- буль» деп ырдаптыр дегени суу кечпеген сөз. Андай болсо бирөө бир кезде «Ла-ла» деп ырдаптыр ошону үчүн кыргыз обондорунун жарымысы плагиат дей берсек болот деген эле кеп.

Анын үстүнө плагиатты текшере турган эл аралык мекемелер бар, ыр ушунчалык популярдуу, демек алдакачан ал жактан тиешелүү кагаз келмек.

Эң мыкты текшерүү бул Shazam программасы ырды уктуруп көргүлө ошол программага, ошол программа «буль-буль» дебей эле «буй-буй» деп жатса дагы эмнени ойлоп тапканы жатабыз бурадар.

Чыгармачыл адамды күйгүзбөлү (башымдан өткөн) андан көрөк шедеври менен чын жүрөктөн эле, кадимки айкөл кыргыздын урпагындай болуп эле куттуктап коелу.

Бар бол Бахтияр! Бар бол Токторов!

«Буй буй» ырың кыргыздын сыймыгы!», — деп билдирүү калтырган Садык Шер-Нияз.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз:
0702-121100,
0772-121100,
0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда