ДомойСаясатНадира Нарматова: Бакырып жаткандардын куру сөздөн башка элге кылган бир жакшылыктары жок!

Надира Нарматова: Бакырып жаткандардын куру сөздөн башка элге кылган бир жакшылыктары жок!

Бул тууралуу ЖКнын депутаты Надира Нарматова жеке фейсбук баракчасына жазды:

«Акыркы күндөрдө эл аралап,карапайым адамдар менен жолугуп жүрөм. Карапайым адамдардын улуу,кичүүсү «айтпайсыңарбы,
кой дебейсиңерби»- деген сөздөрдү көп угуп,аргасыздан элдин кызы ,элдин өкүлү болгондон кийин, жекече пикир калтырууга мажбурмун.
Анда сөз башынан болсун жакшыларым.
Саясатчымын,
мамлекетчимин,
коомдук ишмермин деп, ж.б. түрдүү аттарды өздөрүнө өздөрү илип алып ,өздөрүн билерман сезип жүргөн, айрым мырзалардын кулагына КҮМҮШ СЫРГА!
Кыргызга сырткы душмандын кереги жок. Кыргызга кыргыз душман. Ички душман,көрө албас,бакылдык кылгандар жетиштүү.
«Кыргыздан жакшы деген сөздү угуш үчүн өлүп ,кулагың укпай,көзүң көрбөй сулайып ортого жатып бериш керек»-деген, сөздүн чындыгы бар.
Акыркы убактарда , ММКлар аркылуу эки экиден, акыйнек айтышып, ит мышык болгон эркектер таң калтырып жатат.
Токтоткула мындай акыйнекти мырзалар!
30 жылдык мөөнөттө ар бириңдин салымың бар. Кимиң кыйраттың. Кыйратсаңар, азыр эл итке минип жашамак эмес.
Элдин күчкө толуп турган катмарынын үчтөн бир бөлүгү талаага нан издеп чыгып кетмек эмес.
Жок дегенде бар завод ,фабрика иштеп турмак.
Чек аралар такталып, чымчык өтпөс болуп тосулуп ,
дарбазабыз курулмак. Кыйын болсоңор чек арадагы делимитация,
демаркация иштерин бүтүрүп койбойсуңарбы!
Силер өз учурунда милдетиңерди так аткарып койсоңор кошуналар менен кытыгылашпай тынч жашамакпыз.
Эл чочулабай,тынч уктап жашамак.
Бардык нерсе талкаланмак эмес.
Кредит,процент деген нерсени билмек эмес.
Бар нерсени талкалап,сатып,
бөлүп,менчиктеп,
жок кылып,кайра курбай басып жүрдүңөр.
Жаңы нерсе курбадыңар!
Демократияңар ушулбу! Бейбаштыкты,
абийиир төкмөйдү,
чукулаганды, митинг уюштуруп,плакат көтөрүп көчөгө чыкканды үйрөттүңөр.
Бакыргандардын куру сөздөн башка бир элге кылган жакшылыгыңар жок.
Кудай күбө.
Тарых тастыктайт.
Жок дегенде өзүңөрдү өзүңөр сыйлабайсыңарбы
эркектер!
Чукулашып,
ушакташып,бир бириңе жалаа жаап, эрдик жасап же жаңылык ачып жаткан жериңер жок.
Эл деген элек. Кимдин ким экендигин билет.
Бажырайып тарыхта ак,кара болуп жазылып турат.
Ар бир адамдын басып өткөн тарыхы бар.
Бир бириңди чукулап,
жекечелике өткөндүк, өзүңөрдү өзүңөр жер менен жексен кылгандык.
Чечише албаган маселеңер болсо, ММК аркылуу акыйлашпай ЭРКЕКЧЕ ЧЕЧИШКИЛЕ!
Эч ким жок жерге экөөң барып алып,
каалаганча сөгүшүп,
сөздөшүп,
армансыз акыйнек айтышкыла!
Керек болсо бир бириңдин тумшугуңду эркекче канжалатып,мушташып,кумардан чыгып басып кетпейсиңерби!
Кечке чукушуп, ушак айтып, какшанганды токтоткула! Уят!
Улууң же кичүүң бир сөздөн калсаңар болбойбу!
Ушакчы,
куйсупур,
урушчаак аялдар километр артта калды.
Ак сакалдык,
улуулук деген кайда калды!
Ат тезегин кургатпай,бир бириңе жооп айтасыңар.
Кашыктап чогулткан өз абийиириңерди,
кадырыңарды талкалап салбадыңар.
Нарк насил,ариет намыс деген кайда калды!
Улуттук баалуулуктарды тебелеп,
тепсегендике эмеспи!
Ата энесин укпаган бейбаш балдардай чыры чуу кылган жакшыбы.
Бийлик талашып, иштете койбой, «мен кыйынмын»- дегенден абийиир таптыңарбы!
Үч жолу төңкөрүш жасадыңар.
Жыйынтык чыгарбайсыңарбы! Ошончо адамдардын төгүлгөн кандары,садага чабылган бээ бечаранын балдары аздык кылып жатабы.
Сөзсүз бийлике келиш керекби. Бийлике келбей,бийлик талашпай эл баккан азаматтар толтура.
Эл тынса да телибай тентек тынчыбайт болуп, 20,30 адам 30 жылдан бери тынбады.
Жакшылыкты эч көргүсү келишпейт. Жакшылыктан жамандык издешет. Ишенишпейт.
Жакшылыкты да жамандыка жоорушат. Башкаргыла,өнүктүргүлө деп
30 жыл эркектерге мүмкүнчүлүк бердик.Эптей алышпады. Бакырып жүргөн 20,30 адам бийликтин бардык мезгилинде аралашып жүрүштү. Эч нерсе жасашпады. Талкалашты, сатышты, уурдашты,
байышты,менчиктештиришти. Чет өлкөлөрдөн кыймылсыз мүлктөрдү алышты.
Бизнестерин жолго салышты.
Эгерде териштирип келсе бакыргандар бириң да таза чыкпайсың.
Андан көрө тагдырга там берип, чогулткан,
уурдаган ,топтогон акчаларыңарга өндүрүштөрдү уюштуруп,жумушчу орун түзүп,
мамлекетке жардам бергиле.
Болду эми сабыр кылгыла. Кудайдын берген 5 жыл мөөнөтү бар. Иштешсин. Убадаларын аткарышсын.
Бийликтен отчет алчуу,сурап алчуу мезгил өзү келет.
Кыз кыздай,кыш кыштай болгону жакшы дегендей.
Эркек эркектей болгону жакшы.
Сөз өз ээлерин тапсын.
Элге тынчтык бергиле.
Элдин убалынан коркпосоңор.
Кудайдан корккула!»-деп жазды ал.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз:
0702-121100,
0772-121100,
0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда