Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлүшү: Жаза аткаруу кызматы үн катты

Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлүшү: Жаза аткаруу кызматы үн катты

31-теке, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Жаза аткаруу кызматы Дөө Чыңгыз каймана аты бар кримавторитет Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлгөнүн расмий тастыктады.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүн Бишкектеги №21 мекемеде (СИЗО-1) камералардын биринен Чыңгыз Жумагуловдун жансыз денеси табылган.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жеке кастык мамиленин негизинде камералашы тарабынан өлтүрүлгөн. Кылмышкер бул фактыны моюнуна алган. Окуянын бардык жагдайлары учурда тиешелүү тергөө органдары тарабынан иликтенип жатат», — деп айтылат ЖАКтын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, адам өлтүрүү бүгүн болуп, камералашы Чыңгыз Жумагуловдун кекиртегин кесип салган.