Гүлзат Аалиева: «Жетимдерди сызга отургузган Асыл Талипова»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жетимдерди сызга отургузган Асыл Талипова

Мен, Рахматжанова Бегайым Рахматжановна, 2-топтогу майып эненин тун кызымын. Менден кийин 2 иним жана кичүү сиңдим бар.

Атабыз биз кичинекей кезде эле (мен анда 6 жашта болчумун) дүйнөдөн өтүп, эң кичүү сиңдим апамдын курсагында калган. Ошентип, майып экенине карабай, апабыз Авазова Гүлмира Салыевна 2 кыз, 2 уулду, жалпысы, 4 баланы канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай, жалгыз багып, татыктуу тарбия берип, өстүрдү.

2020-жылдын март айында башталган ковид-19 менен байланышкан пандемияга карабай, мен Орусия Федерациясында, тагыраак айтканда, Москва шаарында иштеп жүрүп, апам Авазова Гүлмира Салыевнага 2020-жылдын 28-июль күнү 40800 (кырк миң сегиз жүз) АКШ доллары өлчөмүндөгү акча жөнөткөм.

Апам дароо эле ал акчага «Капитал Строй» курулуш компаниясынын директору Асыл Талиповадан Бишкек шаарындагы Жаш Гвардия, 94 дарегинде жайгашкан 10 кабат үйдүн 10-кабатынан 64-квартираны сатып алат.

Квартиранын ичин ремонт кылганга акчабыз жетпей, «Акча болгондо ремонт кылабыз» деп жүрө бердик.

Майыптыгына байланыштуу апам 2016-жылдан бери катуу ооруп жүрдү. 2020-жылдын 16-декабрь күнү апамдын жүрөгү менен бөйрөктөрү отказ берип, пневмония болуп, аппарат менен дем алып, оорусуна байланыштуу ооруканага жатып калды.

Апам, болжол менен, 2021-жылдын 14-январь күнү ооруканадан чыкты. Ошол күнү апамдан кабар алганы туугандар келишкен. Апам туугандарга «Квартира алганбыз. Квартирабызды көрүп кеткиле» деп, квартирага келсе, биз алган квартираны Асыл Талипова башка бирөөгө сатып жибериптир.

Дал ошол 2021-жылдын 14-январында мен жана менден кийинки иним экөөбүз Орусия Федерациясында иштеп жатканмын. Ооруканадан чыкса да, төшөктөн турбай, кыймылдай албай ооруп жаткан апам өзү чуркап, документ жасаганга дарамети жок эле. Ал эми кийинки иним Баткен областтында аскердик кызматын өтөп жаткан. Төшөктөн турбай ооруп жаткан майып апамдын жанында жашы 18ге жете элек эң кичүү сиңдим – колледждин студенткасы гана болгон.

Сиңдим Асыл Талиповага жолукса, ал биз сатып алган квартираны башка бирөөгө сатып салганын мойнуна алып, «Азыр карантин болуп жатканына байланыштуу Джемал Абд-Элфаттах Омар Бишкекке келе албай жатат. Джемал Абд-Элфаттах Омар менен «Капитал Стройдун» ортосундагы договор менен техпаспорт жана башка документтерди Джемал Абд-Элфаттах Омар Бишкекке келгенде өткөрүп беребиз. Ал Бишкекке 2021-жылдын 21-апрелдеринде келет» деп, сиңдим Рахматжанова Өлмөсхан Рахматжановнага ошол эле Жаш Гвардия, 94 дарегинде жайгашкан 10 кабат үйдүн 4-кабатында жайгашкан 40-квартираны предварительный договор менен берет.

Апам «Кызым эптеп тапкан акчага алган квартираны мен Асыл Талиповага алдатып жибердим» деп, сар-санаага батып, өзүн өзү жемелеп, жүрөгү чоңоюп, экинчи жолу ооруканага жатат.

Апамдан жогорудагы жагымсыз кабарды угаар замат, самолетко билеттер укмуш кымбат болгонуна карабай, мен Бишкекке учуп келдим. Бул учурда мен эки айлык кош бойлуу элем.

Мен Бишкекке учуп келээр менен эле апамды ооруканадан чыгарып, Баткенге, айылга алып кеттим. Көп өтпөй, 2021-жылдын 25-май күнү, апам сар-санаанын айынан кайтыш болуп калды. Врачтын айтуусу боюнча, «Кыжаалат болгон сайын жүрөгү чоңоюп кеткен».

«Джемал Абд-Элфаттах Омар Бишкекке 2021-жылдын 21-апрелдеринде келсе эле документтериңерди берем» деген Асыл Талипова бүгүнкү күнгө чейин ар кайсы шылтоолорду айтып, биздин квартирабызды расмий түрдө оформление кылып берген жок.

Биз, ата-энебиздин төрт баласы, ошентип, томолой жетим калдык. Эң кичүү сиңдим жашы 18ге жетпегенине байланыштуу мамлекеттен 3300 сомдун тегерегиндеги жөлөк пул алат. Ал «Ата-энеси жок» деген кагаздын (справканын) негизинде колледжде бюджеттик формада билим алат.

Апам дүйнөдөн өткөндөн кийин эки иним тең Орусия Федерациясына иштеп келүү үчүн кетишти. Өзүм бүгүнкү күндө 39 жумалык кош бойлуумун.

Бир күнү «Биз сатып алдык» делген Жаш Гвардия, 94 дарегинде жайгашкан 10 кабат үйдүн 4-кабатында жайгашкан 40-квартирада отурсак, жогоруда аты аталган Джемал Абд-Элфаттах Омар жана дагы үч киши келишип, «Ушул жылдын 1-ноябрында Асыл Талипова менен болгон договорду бузабыз да, үйдү өзүбүз сатабыз. Бул менин үйүм» деп кетти.

Ошентип, Асыл Талипова бизден алган акчаны Джемал Абд-Элфаттах Омар аттуу арабга бербей, ал акчаны өз кызыкчылыгына иштетип салып, ар кандай шылтоолор менен бизди алдап жүрөт. Эгер жогорудагы Джемал Абд-Элфаттах Омар аттуу араб үйдү алып койсо, биз кайда барабыз?

Кудайым буюрса, бир жуманын ичинде мен төрөйм. Төрөгөндөн кийин мен колледжде окуган сиңдим жана жаш балам менен кайда барам?

Угушум боюнча Асыл Талипова менен анын адвокаты Канат Хасанов экөө мындан бир топ ай мурда телевидениени чакырып, 1-топтогу майып энеге үй белек кылыптыр. Аны экөө АКИпресстен берген пресс-конференцияда да айтып чыгышты.

А эмнеге атасынан эрте ажыраган 4 баланын жалгыз энеси болгон 2-топтогу майып аялга үй белекке бермек тургай, таман акы, маңдай тери менен тапкан акчага сатып алган квартирасын бербей жатат?

Милицияга арыз жазсак, алар Асыл Талиповадан коркушабы, кыскасы, бизди кууп чыгышты. Милициядан мындай мамилени күтпөгөн жаным, «Тез жардам» чакырып, алар успокоительный берип, анан эптеп үйгө кеттим. Генпрокуратурга жазсак, ал жактан эч жыйынтык жок.

Асыл Талиповага чалсам, ал «Мени каматсаң, анда квартираңды такыр ала албайсың» деп коркутуп жатат.

Врач акушер-гинекологдун айтуусу боюнча 2021-жылдын 1-, же 2-ноябрь күндөрү төрөйм. 39 жумалык кош бойлуу болгонум үчүн Асыл Талиповага акчасын алдаткан башка жабырлануучулар менен митинг, пикетке чыга албай, же мамлекеттик органдарга кайрыла албай жатам.

Өз эмгегибиз менен тапкан акчага сатып алган квартирабызды Асыл Талипова деген мошенница аялга ушинтип алдырып коебузбу?!

Суранам: кайдыгер болбоңуздарчы! Биз томолой жетим болсок да, эч кимге зыяныбыз жок. Мамлекетке таянбай эле өзүбүз эмгек кылып, жашап келе жатабыз. Ишти мыйзам чегинде карап, бизге жардам берип коюңуздарчы!

Урматым менен, Рахматжанова Бегайым Рахматжановна

2021-жылдын 1-ноябры

PS.:

Мен, алдамчылыкка шектелген Асыл Талипованы камакка алганы үчүн өзү аскер прокуратурасы тарабынан камакка алынган полковник Уланбек Аалиевдин бир тууганы, философия илимдеринин кандидаты, доцент, Манас таануучу Гүлзат Аалиева – 2021-жылдын 28-октябрь күнү УКМКнын алдына полковник Уланбек Аалиевди колдоо митингине чыгып, ошол жерден жогорудагы каттын ээси Бегайым менен таанышкам.

Бегайым 2021-жылдын 3-ноябрь күнү уул төрөдү. Эне менен баланын ден соолугу жакшы. Бирок, Бегайымга, анын жаңы төрөлгөн уулу менен сиңдисине жардам керек. Бегайымдын аманатын аткарып, анын кайрылуусун сиздерге жеткирдим.

Президент, Жогорку Кеңештин депутаттары, күч түзүмдөрү менен укук коргоо органдарынын жетекчилиги ж.б. жооптуу кызматкерлер менен кайдыгер эмес адамдар кара хиджабга оронсо да, алдамчы атка конгон Асыл Талиповадан жапа чеккен Бегайым сыяктуу жетимдер менен жалгыз бой энеге жардам берип коюңуздар. Сураныч!

Гүлзат Аалиева, доцент, Манас таануучу

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg