Медер Алиев эмне үчүн кумаркана ачуу мыйзамын колдогонун айтты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

«Туугандар.

Менимче, ар бир саясатчы, өзгөчө жигиттик сапаты бар мырза, ар бир кылган ишине жоопкерчиликти алганды билиш керек. Кылган ишинен, чечиминен качпаш керек.

Кумаркана болсун дегендин колдогондугумдун себеби азыркы Кыргызстаныбыздын оор экономикалык акыбалы. Пенсия, маяналар көтөрүлдү… а бирок аларды дагы көтөрүш керек, элдин камын ойлош керек. Бизде же газ, же нефть болбосо…

Эн алгачкы талабым — Кыргызстандыктар кирбесин деген пикирим болду. Ошол мыйзамда бекитилген- кыргыз жарандары кирбейт.

Бул көрүнүштү кыргызда жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу деп коёт. Ал күнү мен болбодум, себеби жакын адамым ооруп чет жерде болдум, бирок жоопкерчиликти алып партиялашыма макулдугумду берип мен үчүн добуш берип кой дедим.

Саясатчынын жолу оор, татаал. Бирок кылган ишине жоопкерчиликти алуу керек.

Түшүнөм, билем, тепкилеңиздер, урушуңуздар, чыдайм, көтөрөм. Мен Кыргызстандын элинин, экономикасынын жакшылыгын ойлодум. Элдин жүгүн көтөрүш оңой эмес, оюнчук эмес.

Саясатчынын турмушунда кээде популярдуу эмес чечимдерди кабыл алууга туура келет. Бул дүйнөлүк практика. Бирок ошол чечимди татыктуу танып, жоопкерчиликти да алыш керек», — деп жазган депутат Алиев.

Аргумент.kg