ДомойСаясатАдил Турдукулов: “Эл толкуп баштаса, Садыр Жапаровдун жанындагы аферист, популисттер качып кетишет”

Адил Турдукулов: “Эл толкуп баштаса, Садыр Жапаровдун жанындагы аферист, популисттер качып кетишет”

— Санарип өнүктүрүү министри Талантбек Имановдун коррупцияга шектелгени, артындагы чыр-чатагы коомчулукта талкуу жаратууда. Бул бийлик үчүн баалуу кадрбы? Кандай өзгөчөлүгү бар?

— Талантбек Иманов коррупциянын символуна айланган Алексей Ширшовдун бир кездеги шопуру, көздөй кадры, ыйгарым өкүлү экенин журналисттер аныктап чыгышты. Буга далил келтирсек, Ширшов 2010-жылы өлкөдөн качып кеткенден кийин Кыргызстандагы үй мүлкүн, бизнесин Талантбек Иманов аркылуу көзөмөлдөп турган. Бир убакта экөө жетектеп келген “Дастан” ишканасы ар бир бийлик үчүн көмүскө түрдө акча чагаруунун булагы эле да. Албек Ибраимов бул жерде жетекчи болуп турганда, 18 миллион сомдон ашык акча КСДПнын шайлоо штабына жөнөтүлгөнү аныкталган. Иманов да “Биримдик” партиясынын шайлоо өнөктүгүнө “Дастандан” акча короткону анык. Бирок ал эч кандай жоопкерчиликке тартылган жок, тескерисинче, санарип министрлигине чейин секирди. Андан кийин өкмөт бул министрликке “Кыргызтелеком”, “Альфа-Телеком”, “Дастан” заводун жана “Евразия сактык банкы” сыяктуу мамлекеттик ишканаларды карамагына өткөрдү. Ошондуктан, “Ширшовдун жаңы схемасы башталган жокпу?” деген шек саноолорго негиз бар. Андай фактылар ачыкталса, Талантбек Иманов гана эмес, аны калкалап турган адамдар да жоопко тартылары шексиз.

— Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердиги элге ачык болбой, көмүскөдөн шек жаратканы, мамлекеттин акчасын коромжу кылуу менен кымбат офиске чыкканы, айтор, сын-пикирдин чордонунда калганы эмне менен аяктайт? Мындай эркеталтаң чиновник эртең качып кетпейби? Келечегин кандай божомолдойбуз? 

— Буга чейин айлана-чөйрөгө келтирилген зыян боюнча Кумтөр ишканасына карата дооматтар жокко чыгарылганы да чоң ката. Кумтөр канадалыктардын менчигинде турганда канча алтын чыгарганы, анын кайсы бөлүгү Кыргызстанда экени белгилүү болчу. Азыр болсо баары бүдөмөк. Өкмөт бир божомолду айтат, Ташиев башка сандарды келтирет. Ал эми Теңгиз Бөлтүрүк улуттук кенчке айланган Кумтөрдү өзүнүн жеке ишканасындай башкарганына күбө болуп жатабыз. 50 миң доллларга кеңсени ижарага алганы, бул боюнча эки Жапаров менен кеңешпегени кашкайып чыкты. Президенттен да кагуу жеп, өзүмбилемдик кылыктары менен бүтүндөй бийликке көлөкө түшүргөнү өкүнүчтүү. Бул эми бизге жеткен 0,1% маалымат. Ал жерде эмне болуп жатканын билбейбиз, кандай көмүскө схемалар ишке киргени жабык бойдон калууда. Мындай саясаттан улам авариялар да катталып баштады. Кумтөр кенин жөндөп башкаралбай туруп, башка кендерди да өз карамагына алганы туура эмес. Акыр аягы жакшы бүтпөйт, мени өкүндүргөнү – бул жерде мамлекет кайрадан уттурганы. Мен Садыр Жапаровдун “өлкөнү өнүктүрөйүн” деген ниетине ишенем, бирок айланасындагы балит кадрларды көрүп, аракеттеги максаттын ишке ашышы күмөн. Бирөөсү да ишеним жаратпайт. Көбү аферист, популисттер, эл толкуп баштаса чет жакка качып кетишет, ал жактан Садыр Жапаровдун өзүн күнөөлөшөт…

— Соңку убакта оппозиция лидерлеринин ичинен Равшан Жээнбеков бийликти өтө курч маанайда сындап, башкалардан өзгөчөлөнө алды. Мойнунда бир канча кылмыш иштери илинип, соттон башы чыкпай атса да тобокелдикке барууда. Кандай жолду тандап алды?

— Равшан Жээнбековго Кой-Таш иши боюнча кылмыш ишин козгогондо, бийлик аны чет жакка качып кетет (!) деп ойлогон. Анткен жок, тескерисинче, огобетер бийликти сындап баштады, курчуду, абакта отурганда да жакындарына жасалган кысымдарга карабай, өзүнүн принциптеринен тайбады. Ошол эле убакта башкаларга окшоп төбөлдөрдү мазактабай, ыплас сөздөрдү колдонгон жок. Өлкөдө болуп жаткан системалык көйгөйлөр жөнүндө айтып, анын чечүү жолдорун сунуштап келет. Равшан Жээнбеков өкмөт башчыга бышып калган кадр. Аны каршылаш катары санабай, бийлик эртеңки күнүн ойлоп, кызматташса туура болмок. Анткени Батыш тараптан инвестиция тартуу боюнча мындан өткөн жөндөмдүү инсан жок.

Асланбек Сартбаев 

«Азия Ньюс» гезити

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда