ДомойКоомАк-Ордодо кишини жарым жылаңачтап түркүккө таңып коюшкан

Ак-Ордодо кишини жарым жылаңачтап түркүккө таңып коюшкан

Бишкектин Ак-Ордо конушунда уурулукка шектелген 57 жаштагы кишини белине чейин жылаңачтап, түркүккө скотч менен таңып коюшкан видео тарады. Кадрдын сыртындагы үн ал баалуу буюмдарды алып алган деп айтып жатат.

Ал эми көкүрөгүнө «Ууру» деп жазып, 20.06.2020 деп дата коюлган кагазды кошо чаптап коюшкан.

Чүй облустук милициясынан окуя боюнча маалымат саат 16:00 чамасында келип түшкөнүн айтышты.

Ал аймактын жашоочулары 57 жаштагы бул кишини телефон жана башка буюмдарды уурдоого шек санап жатышканы, анын тергөөчүгө жеткирилгени кабарланды.

Чүй облустук милициясы аны түркүккө таңып койгондорго чара көрүлө тургандыгын билдиришкен.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда