Тойдон чыгып Портер айдап кеткен Роза Шакированын видеосу тарады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Социалдык тармактарга ырчы Роза Шакированын тойдон кийин кооз көйнөгү менен Хёндай Портер үлгүсүндөгү унаага отуруп айдап кеткен видео тараган. Адатта ырчыларды кооз, кымбат баалуу унаалар менен көргөн элге Роза айымдын Портер айдап жүргөнү кызык көрүндү. Ырчы видео тууралуу айтып берди.

«Кечээ тойго Портер үлгүсүндөгү унаа айдап барган элем. Кесиптешим, тамада Нурдөөлөт Копоевди үйүнө жеткирип, андан соң өзүм үйүмө аман-эсен келип алдым», — дейт Роза Шакирова.

Аргумент.kg