
10 жыл мурун 7 жаштагы Айдананы мыкаачылык менен өлтүргөн адам табыла элек
31-бештин айы, 2022-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваАрча-Бешик конушунда 7 жашында көз жумган Айдананын өлүмү боюнча тергөө иштери уланып жатат. Бул маалыматты 30-декабрда «Сводка АКИpress» редакциясына ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2004-жылы төрөлгөн Айдананын үй-бүлөсү 2012-жылдын 18-мартында милицияга жардам сурап кайрылып, кызын таппай жатышканын айтышкан. Ал үйүнөн 250 метр алыста жашаган тууганын (кыз бала) узатуу үчүн 17-мартта саат 17:00 чамасында чыккан бойдон кайтпай калган.
18-мартта түн ичинде Д.Садырбаев көчөсүндө жайгашкан кафедеги бардын ичинен кыз баланын сөөгү табылып, ал Айдана экени, алгач зордукталып, андан кийин муунтулганы такталган. Ал ошол жылдын майында 8 жашка толмок.
Бул факт боюнча Ленин РИИБ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 97- беренесинин 1-2-бөлүмүнүн 3-6-7-10-пункттары (эски редакция — жардамга муктаж же өспүрүм баланы өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү) менен катталып, тергөөнүн жүрүшүндө 460 адам суракка алынган.
Алгач бул кылмышка 6 адам шектелген. Бирок Алматы шаарынан жүргүзүлгөн биологиялык экспертизанын (ДНК) жыйынтыгы алардын бирине да дал келген эмес