
10 жаштагы кыздын башын таш менен жанчыган окуучуга сот өкүмү чыкты
28-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкек шаарында 10 жаштагы окуучу кыздын башын таш менен жанчыган деп шектелген 14 жаштагы өспүрүмдүн ишин Ленин райондук соту карап чыгып, жыйынтыгында 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалды. Бул маалыматты Ленин райондук прокуратурасы билдирди.
Окуя 2022-жылдын 27-апрелинде саат 12:40 чамасында №58 орто мектепте болгон.
«2008-жылы туулган өспүрүм 2012-жылы төрөлгөн Б.Е.А.га мышыктар бар экенин айтып алдап, мектептин артына алып барган. Күбөлөрдүн жоктугунан жана жабырлануучунун алсыз абалынан пайдаланып, колундагы таш менен Б.Е.А.нын башына бир нече жолу уруп, окуя болгон жерден качып кеткен. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык жабырлануучунун ден соолугуна оор зыян келтирилген», — деп айтылат расмий маалыматта.
Бул иш боюнча 2023-жылдын 16-январында Ленин райондук сотунда өкүм чыгарылган. Жыйынтыгында жашы жете элек П.А.А. КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесиндеги 1-бөлүм жана 2-бөлүмдүн 4-пункту (алсыз абалдагы баланын ден соолугуна оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылган. КР Кылмыш-жаза кодексинин 108-беренесин колдонуу менен шектүү 3 жылга эркинен ажыратылды. КР Кылмыш-жаза кодексинин 109-беренесинин негизинде эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулуп, 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалган.
Жабырлануучу тарап Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу менен кайрылган. Учурда бул кылмыш иш шаардык соттун кароосунда.