1-сентябрдан тарта Өзбекстанга ID-карт менен барууга болот

1-сентябрдан тарта Өзбекстанга ID-карт менен барууга болот

25-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары 1-сентярдан тарта өз ара ID-карт менен каттай алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрлик белгилегендей, Кыргызстандын жарандары Өзбекстанга жана коңшу мамлекеттин атуулдары Кыргызстанга кирип-чыгуу, убактылуу жүрүү үчүн ID-картты колдоно алышат.

Белгилүү болгондой, тиешелүү документке быйыл 27-январда кол коюлган.

Булак: Аргумент кж