1-класска электрондук каттонун бүтөрүнө бир ай калды

1-класска электрондук каттонун бүтөрүнө бир ай калды

01-баш оона, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды 1-класска электрондук каттоонун бүтөрүнө бир ай калгандыгын эскертүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, каттоонун экинчи этабы өтүп жатат, ал 31-августка чейин уланат.

«Үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинен 30-июлуна чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 110 миң 81 бала кабыл алынган. Анын ичинен 2 миң 440 бала жеңилдик менен катталган. Бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 59% түзөт», — деп жазылат маалыматта.

Дагы 75 миң 965 бош орун бар.

 

Булак: Аргумент кж