Эрмек Нургазиев №1 абакка камалды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек мэринин милдетин бир күн аткарган Эрмек Нургазиев №1 тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Чүй ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, Нургазиев өткөн жылдын 9-февралында мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, эртеси премьер-министр тарабынан кызматтан алынган. Социалдык тармакта анын дарегине сын айтылып, шылуундук кылган деп айыпталып, аялга кол көтөргөн окуясын да эстешкен. «Нургазиевдин баш коргоо чарасы тандалып, тергөө аяктаганга чейин №1 тергөө абагында калтыруу тууралуу өкүм чыкты», — деп айтылат маалыматта.

2019-жылдын июль айынын башында Октябрь РИИБине Н.Э. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн жамааттык кат келген. Анда турак жай курулуш кооперативинин төрагасы болуп турган Н.Э. сатылган батирлерди кайрадан сатканы айтылган. Натыйжада 68 550 долларлык зыян келтирилген.

Аталган факт Октябрь РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен катталган. 2022-жылдын 17-мартында прокуратура органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүштү тергөө Чүй облустук ИИББге тапшырылып, 18-март күнү аталган кылмышка шектүү катары Н.Э. кармалган.

Шектүүнүн үстүнөн 7 арыз түшүп, 4 700 доллар жана 309 000 сом зыян келтиргени аныкталды. Жалпы жонунан зыяндын көлөмү 73 250 доллар жана 309 миң сом деп бааланууда.

Аргумент.kg