Эки милиция 13 жашар кызды алмак-салмак зордуктап… Начальник Азамат Ногойбаев кызматтан кетеби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Свердлов РИИБнин эки участковыйы 13 жашар кызды алмак-салмак зордуктап жүрүп, акыры билинип калгандан кийин камалышканы кабарланды. Бул боюнча бизге өздүк булагыбыз билдирди. А эмнеге маалыматты жашырып жатышат? Коомчулукта резонанс жаралып кетүүдөн айбыгыштыбы?

Мындай оор кылмыштан кийин Свердлов РИИБнин начальниги, орун басарлары, ошол эле кезде Бишкек ШИИБнин башчысы Азамат Ногойбаев тийешелүү жетекчилери менен кызматтарынан айдалышы керек.

Дал ушулардын жөндөмсүздүгү, шалаакылыгы үчүн алдындагы кызматкерлер үрөй учурган окуяга кириптер болушту да, туурабы? Бул боюнча жогорку жетекчилик мыйзамдуу, калыс чечим кабыл алышы зарыл.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg