Чолпонбек Абыкеевдин күйбөгөн жерин күл кылган Ак үй тарап

Чолпонбек Абыкеев, «социалдык торчодо «Шераалынын чокою» жөнүндө көп сөз болууда. Ушундан улам бир нерсени тактап койгум келди. Биринчиден «Шераалынын чокоюнун» маанисин түшүндүрүүгө аракет кылган бийлик башындагылар силер мисалдаган Шераалы түгүл аны жазган автор тууралуу түшүнүктөрү бар экенине ишенесиңерби? А мен болсо алардын Шераалы аны жазган автор тууралуу кабардар экендиктерине ишенбейм.

Так мисал келтирейин, жакында эле бийлик бутагынын бийик сересинде отурган, болгондо да маданият тармагын тейлеген «чоңубуз» Сагынбайдын атын атай албай ( Тагы ким экенин билбей) койду. (Уялды , кызарды деп айта албайм. Себеби андай түшүнүктөр аларда жок)

Дагы бир мисал; Мен Жазуучулар Союзунун төрагасы болуп турганда залкар жазуучубуз Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгы болуп калды. «Залкардын 100 жылдыгын татыктуу белгилейли. Эстелик тургузалы.»- деп кат жазбаган жерим калбады.

Ошондо тигил Сагынбайды тааныбагандын ордунда иштеп турган чоңубуз «Абыкеев деген неме Сыдыкбеков деп эле жанды койбоду. Деги аныңар ким эле?»- дептир.

Мен муну укканда күйгөнүмдөн сүйлөй да албай жер муштап отуруп калгам. Мына ушундайлар мамлекетти башкарып жатса анан биз кантип оңолот элек. Менимче «Шераалынын чокоюн» айтканыңар бекер убаракерлик. Аны баары — бир алар түшүнүшпөйт. Түшүнсө так Ак үйдүн капталында эстелик турат го. Кара менен ак тирешкен. Күндө көрүп атышат го. Бул «Чокой» эмес бекен?» деген  пикирин кыргыз элине белгилүү Чолпонбек Абыкеев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Чындыгында биздин айрым эмес көпчүлүк аткаминерлер, көзү өтүп кеткен кыргыздын чыгаан уулдарын көбү билбейт. Анткени, Ак үйдүн 80%ын бизнесмендер ээлеп алган. Бул көрүнүш албетте жеңүүнү эмес жеңилүүгө алып келет.

Алсак, бизнестеги байлыгынын арты менен бийликке келген миллиардер Дональд Трамп деле АКШны баш-аламандыкка салып жатканын дүйнөлүк ММК улам-улам жазып жатышат. “Эшегине жараша бир нерсеси” демекчи, Трамптын алып келген кеңешчи кызы жыйын учурунда обу жок олжоңдоп, диванга олтура калып өзүн селфи кылганы АКШ ММКсында кызуу талкууга алынып,  америкалык аткаминерлерди аргасыз жылмайткан.

Баса, жазуучу Чолпонбек Абыкеев да ушунча болду, ошол чоң курсак аткаминерлердин “Ф.И.О” сун жазып койсо жакшы болот эле. Бирок баары-бир билгенге аракет кылып, кыргыз элинин эртеңки тагдырын каалагандай — калчап жаткан,»көк мээлерди» ачыкка чыгарышыбыз зарыл. Анткени акча менен кыргыз элинин тарыхын эч качан түздөй албайбыз…

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу