Уулум эмнеге атасы мен эмес, кошуна байке болушун каалаганын билип ыйладым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Менин окуям кыска эле. Элге окшоп кооздоп жазганды деле билбейм. Бирок, эмнегедир силер менен бөлүшкүм келди. Балким, бирөөңө сабак болот. Качан үйгө келбейин балам кошунабыздын короосуна көз чаптырып тамдын башында отурат. Мени көрөрү менен түшүп кетет. «Бирөөнүн үйүн карап эшек такалабай, сабактарыңды жазбайсыңбы!». Тилдесем унчукпайт. Быйыл экинчи класс болду. «Ары турчу»,» эй,кайда жүрөсүң» «пультту алып берчи», «өзүң жасачы», «кебетең кантет», «желмогуз», «эшектин баласы», «чалчаңдабачы» ж.б. Уулума акыркы ирет айткан жакшы сөзүм эсимде жок. Ата-баладай болуп сүйлөшпөйбүз дагы. Бул курактагы балдар каткырып күлүп ойноп жүрүш керек эле, а меники ар дайым ойлуу, кабагы бүркөө. «Мен сени жаман көрөм! Менин атам Акан байке (кошунабыз) болсо сонун болмок!» Колундагы дептерин ыргытып эшикке чуркап чыгып кетти. Шок болуп калдым. Сабагын түшүнө албай жатканын айтып жардам сурап келди. Телефон чукулап жаткам. Ээринип «башың жокпу» деп, ачуу сөздөрдү айтып урушуп кирдим. Анан эле мындай болуп кетти… Эртеси жумуштан суранып үйгө эртерээк келдим. Тамдын башына чыгып кошуна тарапты карадым. Тигине Акан баласы, кызы болуп суу чачышып ойноп жатышат. Баары тим эле

бактылуу. «Менин байлыктарым» деп балдарын эркелетип, айлантып, асманга ыргытып жатат. Карап эле отургуң келет. Демек, менин уулум ушуну көрүш үчүн бул жакка чыгат турбайбы…

Бактын түбүндө жер чукулап отуруптур. Жанына бардым. Эмнеден сөз баштарымды билбейм. — Жүр, аттракционго барып келебиз. — Машина алып берейинби. — Шоколад жейсиңби? — Телефонумду ойнойсуңбу? — Робот алып берейинби?

— Акылсыз атаңды кечир уулум.

Башын көтөрүп мени карады. Кармана албай ыйлап жибердим. Кучактады. «Баатырым менин!». Башынан сылап чекесинен өптүм. Кол кармашып үйдү көздөй жөнөдүк. http://bilesinbi.kg

Аргумент.kg