Улукбек Маматаев: “Путин бүгүн согушту токтотуп, империяны сактап калыш үчүн эртең отставкага кетиши керек”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

—Улук мырза, Орус-Украин жаңжалы тынчыбастан, улам күч алууда. Аягы эмне менен бүтүшү ыктымал?

—Украин жана орустун согушу бүгүн чыккан жок, бир нече жылдан бери уланып келе жатат. Албетте, жакындан бери күчөдү, муну Россиянын чоң жаңылыштыгы катары бааласак болот. Ооба, азыр биздин коомдо дагы айрым Советтер союзнунун учурунда чоңойгон, ошол мезгилде аң-сезими калыптанган, Россияда билим алган серепчилер менен саясатчылар баскынчыларды колдоп жатышат.

Бул көрүнүш биз кулчулуктан кутула электигибизди тастыктоодо. Ооба, эгемендүүлүккө ээ болгончо колонияда турганбыз, бүгүн деле андан кутула элекпиз. Баягы эле колониялдык саясаттын басымы алдында жашап жатабыз. Ошондой болсо дагы, жок дегенде оюбузду эркин билдирип турушубуз керек.

Украина бүгүн өзүнүн гана эгемендүүлүгү үчүн күрөшүп жаткан жок, өзүнө окшош күнкор болгон мамлекеттердин дагы эгемендиги үчүн кан төгүп жатат. Ал мамлекеттердин катарына Орто Азия өлкөлөрү, анын ичине биз дагы барбыз. Жакында эле Казакстандагы окуяда көрдүк, Россия өз таасирин арттыруу үчүн ЖККУнун уставын бузуп, элдик толкундоону аскердин күчү менен басты. Бул эртеби-кечпи ачыкка чыгып, жазасын алат.

Украинага келсек, алар өз өлкөсүнүн өнүгүү жолун тандап, жакшы тилек менен бара жаткан, бирок ал Россияга жакпай, империялык дымагы менен согуш ачты. Анысы дүйнө жүзүнө жаккан жок. Негизи, азыркы өнүккөн доордо согуш, күч менен империялык дымакты ишке ашырууга болбойт. Империя бүгүн экономика, жаңы технология, илим ж.б. жактардан ар тараптуу өнүккөн мамлекет болушу керек. Мисалы, Америкадай. Азыр Кытай ошол жол менен келатат.

Россияны азыр курал-жарак жактан гана өнүктү дешкени менен экономика, жаңы технология жаатында тургай, демократия, сөз эркиндиги, адам укугу сындуу баалуулуктардан артка кетип, бир адамдын чексиз бийлиги үстөмдүк кылып калган. Бардык бийлик бир адамдын колуна топтолуп калгандыктан, бүгүнкү согуш оту тутанып отурат. Согуштун эң негизги себеби – бул чексиз бийликтин бир адамдын колуна топтолуп калгандыгында.

Эч ким кыңк эталбаган бийликке ээ болгон адам өзүн жердеги Кудайдай сезип, мас болорун өткөн тарых тастыктаган. Азыр ошол илдет Россиянын башын кара булуттай каптап, жеке адамдын дымагы өкүм сүрүп, 30 жыл мурун “өлгөн” СССРдин жерин кайтаруу иши башталып отурат. Бул В.Путиндин катачылыгы деп эсептейм. Муну реалдуу жашоодон артта калган кишинин кадамы катары карасак болот. Азыр заман башка. Эч ким алакан жайып отурбайт. Кичинекей эл болсо да өзүнүн эгемендиги үчүн күрөшөт.

—НАТО келип калды деген шылтоочу?

—“Россиянын чегарасына чейин НАТОнун аскери келип калды”, “орус тилдүүлөрдүн укугу корголбой калды” деген сөздөр согуш ачканга жөн гана шылтоо. Убагында Гитлер да ушундай шылтоо менен басып кирген. Экөөсү негизинен бирдей болуп жатат. Гитлердин да так ушул Путиндикиндей дымагы болгон. Мындай түшүнүктүн аягы жакшы бүтпөйт. Аны азыркы кырдаалдан байкасак болот, Украинаны бүт дүйнө колдоп, Россия жалгыз калды.

Кээ бир акылы жетпеген, түшүнүгү тайкы, кулчулук аң-сезимден кутулбаган замандаштарыбыз кулагына сиңген обонду созуп, “8 жыл Донбасты кыйратты” деп жатат. Бул өз өлкөсүнүн эртеңин ойлобогон кошоматчылык да. 2014-жылы Украинада биздикиндей кандуу ыңкылап болуп, Россияны жактаган, диктатураны колдогон Януковичти кубалап жибергенде заарына чыдабай адегенде Крымды басып, анан Донец, Луганск областарына аскерлерин киргизип, бөлүп салганын кантип танабыз. (2010-жылы Ош, Жалал-Абадды да Донбастай кылабыз дешкен). Ошол согушту чоюп отуруп, жакында эки аймакты мамлекет катары таанып, Украинага кол салганга жол ачты.

Чечимди кабыл алууда Путин баарын бирден чыгарып, такалады. Нарышкин кандай калчылдаганын көрдүк. Анан элге таптакыр башка маалыматты берип, “улутчулдар, фашисттер бар, аларды тазалап, украиндерге боштондукту алып келишибиз керек” деген жүйө менен согуш ачты. Жыйынтыгын көрүп жатабыз, улутчулдар жок экен. Украиндер өз бийлигин колдойт экен. Орус генералдары “48 саатта жеңебиз” деген.

Анысы ишке ашпады. Украиндер гүл менен тосуп алат деп ойлошкон, тескерисинче кубалап жатышат. Бул жерде Путинге туура эмес маалымат беришкен, же ал өзүнүн эле кежирлигинин курмандыгы болду. Өтө чоң каршылыкка кабылып, миңдеген аскерлери өлүп жатат. Азыр бул согушта Россия жеңилди деп айта берсек болот. Бүткүл дүйнөгө жек көрүнүп, изоляцияга алынып, аскердик жактан чоң чыгым тартып, моралдык жактан да, материалдык жактан да сынды. Россиянын экономикасына гана эмес, эларалык чөйрөдөгү кадыр-баркына дагы чоң сокку болду.

—Аскердик чама-чаркы деле чакталуу экени тастыкталды окшойт…

—Россия дүйнөдөгү өзүн курал-жарак жагынан кыйын сезген империя болчу, көрсө, чама-чаркы жагынан чектелүү эле экен. Аны бүгүнкү согуш ачыкка чыгарып койду. Эки күндө багындырабыз деген сөз ишке ашпай, 15 күнгө чукулдады. Дүйнөлүк держава деген өлкө чегарасынын жанында турган Харьковду жарым айдан бери алалбай койду. Бул шылдың да. Ошол эле маалда түшүп бараткан Зеленскийдин рейтингин 90%дан ашырып коюшту. Чачырап бараткан Украиндин саясий элитасын бир муштумга биригип, улутка айландырды. Аялы-эркеги, кары-жашы дебей, бүгүн курал менен туруп, мамлекетин коргоп жатышат. “Бардык шаардан чыгып, кеткиле, баскынчысыңар, силердин керегиңер жок” деп кыйкырышууда.

Айтор, Россия “артык кылам деп тыртык” кылып алды. Империянын жерин көбөйтөм деп, башкасынан айрылганы турат. Тарыхты карасак деле түбөлүк империя адамзаттын жашоосунда болгон эмес. Империя кайсы бир убакытта талкаланат. Маселен, учурунда Рим, Осмон деген чоң империялар болгон. Кечээ эле күн чыгыштан баштап батышка чейин ээлеп жаткан Англия дагы империя болчу.

Бүгүн алар өз таасирин жоготту. Россия дагы ошол кейипти кийгени турат. Дүйнө жүзүнүн жек көрүндүсүнө айланды. Россияны гана эмес орустардын өзүн жаман көрө баштады. Путиндин бул дымагы эми элди ачарчылыкка чейин алып барат. Россияныкы туура деп бүгүн 3-4 эле артта калган диктатор мамлекет айтты. Атургай мурда колонияда турган Орто Азия мамлекеттери туура деп айткан жок. Россиянын жардамын көргөн Токаев дагы колдогон жок. Биз да нейтралдуу позицияны кармандык.

—Бул жаңжалдын чыгышына “НАТОнун аскери, орус элин кодулоо” деген сөздөр жөн гана шылтоо, негизи бул жерде демократия менен диктатуранын кагылышы болуп жатат, Путин жеке бийлигин сакташ үчүн ушул кадамга барып жатат деген ойлор айтылып жатат. Буга не дейсиз?

—Бул ойго жүз пайыз кошулам. Союз маалында бизге деле НАТО жаман деп желмогуз кылып көрсөтүшкөн. Ал желмогуз болсо дүйнөдө өнүккөн өлкөлөр кошулмак беле? Союздан бөлүнүп чыккан Балтика жээгиндеги өлкөлөр да кошулуп кетти. Дагы да кошулабыз деп умтулуп жатышат. Укрина кирем деди, ал өз эрки да. “Сен мен айткан кошуна менен гана дос болосуң” деп ултиматум койгону туура эмес.

Эгер Украина НАТО менен Евро биримдикке кирсе, дароо өнүкмөк, аны көргөн орустар  диктаторду бийликтен кетирүү үчүн митингдерди баштамак, Путинге ошол жагы жаккан жок. Ошол үчүн болбогон шылтоолорду айтып, негизинде бийлигин дагы бир нече жылга узартуу аракети менен согуш ачты. 21 кылымдагы эң коркунучтуу диктатор катары өзүн көрсөттү. Элинин башын айландырып, дүйнөнү коркутуп жатат. Кайрылуусунда “бизге дос эмес жана бизди колдобогон мамлекеттер менен өзүнчө эсептешебиз” деди. Бул ачыктан ачык коркутуу да. Демек, бизге окшогон бир нече мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келтирип жатат.

—Муну орустар түшүнчүдөйбү?

—Азыр Путиндин дымагын бир гана орустар сындыра алат. Бирок, интеллигенциясы түшүнгөнү менен эли уйкуда жатат. Ойгонгондо баары кеч болуп калышы мүмкүн. Путин өзүн Кудайдай сезип, бийлик биротоло канына сиңип, президенттиктен башка жашоону элестете албай калды. Өзү бийликтен кетсе эле Россия таркап кетчүдөй сезип калды. Бул бир колго топтолгон бийликтин илдети. Өкүнүчтүүсү, фашизмди жеңген орус империясы азыр өзү фашист болуп басып кирди. Дүйнөгө жек көрүнүп отурат.

—Путин азыркы кадамдары менен өзүнүн бийликтеги карьерасына гана чекит койбостон, империяны талкалап түшүшү мүмкүнбү?

—Толук мүмкүн. Орус империясынын аймагын кеңейтем деп жатып, чалкыган жердин түбүнө жетиши ыктымал. Анткени, бүгүнкү күндө империянын тамырын согуш менен эмес, экономикалык санкциялар менен эле кыркып койот. Деген менен буга чейинки империяларды дагы сырттан талкаланган эмес, ичинен ирип отуруп кулап калган. Көзү тойбогон сук жетекчилер өзүнүн бийлигин кеңейтүүгө далалат кылып отуруп ураткан.

Мисалы, цезар сенаттагы бийликти өзүнө тартып ала берип акыры өзү жок болгон. Ошол жолго Россия түштү. Муну Путин түшүнүп, токтотуш керек. Азыр да кеч эмес, кайрып калса болот. Эгер мындан ары улана берсе, бул империянын талкаланышына алып келет. Орус империясынын талкаланып, жарылып кетишине мен да каршымын, каалабайм. Бирок акыл менен, адилеттүүлүк менен башкарылбаса, ал жок болот. Карагылачы, азыр дүйнөдөгү эң чоң байлыкка ээ болгон мамлекеттин жарандары жарды.

Москва менен Санкт-Петербургдун жанындагылар гана жакшы жашабаса, башкасы кедей. Свети, жолу жок айылдар бар. 1700 айылда жашоочу калбаптыр, эптеп жан багыш үчүн шаарларга кетишкен. Системанын начарлыгынан, байлыгы мол Россиянын экономикасыны мышык ыйлап калган. Азыр Украинадагы согушта аскер державасы деген макамдан дагы айрылып жатат. Коррупциянын айынан курал-жаракка бөлүнгөн каражаттар уурдалып кеткени ачыкка чыкты. Аскерлери кийген кийимин, колдонгон куралын, техникаларын карагылачы.

1970-жылы чыккан куралдар менен жүрөт. Аткан ракеталары учпай, өздөрүнө жарылып жатат. Аскерлерине 4-5 жыл мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү берип жатышат. Колго түшкөндөрү андан жаман жоруктарын айтып берип жатат. Буга чейин бюджеттин 20% аскер тармагына бөлүнгөнү айтылып келген, кана миллиарддар? Украинаны 48 саатта ала албады. Көрсө, төшүн керген Россияда андай деле күчтүү курал жок экен. Диктатура болгон жерде мамлекет эч качан өнүкпөйт. Путин өзүнүн түзгөн системанын курмандыгы болгону калды. Артка чегинүүнүн жолун таппай жатат.

—Кандай кадам ташташ керек?

—Биринчи иретте азыр согушту токтотуш керек. Анан империяны сактап калыш үчүн Путин отставкага кетиш керек. Ушул жалгыз жол калды. Жаңы киши келип, саясатты оңдоп кетиши керек. Болбосо азыркы аракет менен империя жок болот. Россия биз үчүн керек. Алардын экономикасы жакшы болсо, биз да ирденебиз. Кошунаң жакшы жашаса, адилеттүү болсо, жардамы чоң болот. Ал эми наадан болсо, анын азыркыдай кесепети тиет. Бизди азыр да колония катары карап, айтканын аткарганга мажбурлап келе жатат.

Биз украинага салыштырмалуу улут болуп түптөлө элекпиз. Ал азыркы согушка карата айтылган пикирлерден эле билинип жатат. Кудай бетин ары кылсын, эгер эртең бизге кол салса, сатып кетчүлөр чекеден чыгарын бөркүбүздөй эле көрсөк болчудай.

—2010-жылы Донбасты басып алгандай коркунучтар бизде да болгонун кыйытып кеттиңиз. Ошол жыллдагы коогалаң дагы сырттагылар тарабынан уюштурулганы айтылып, ал чагымга И.Каримов алдырбаганы биз үчүн чоң жеңиш болгону белгиленип келет. Чындап эле түштүктө Донбастагыдай көйгөй жаралуу коркунучу болгонбу?

—Болгон. 2010-жылы улут аралык кагылышта биздин эгемендикти Ислам Каримов сактап бергенин ачык айтышыбыз керек. Мамлекетибиздин чачырап кетпегенине Каримовдун салымы абдан чоң. Акылдуулук кылып кирбей койду. Болбосо, орустар Донбаска киргендей Ош менен Жалал-Абадга кирсе, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө чоң сокку урулмак. Ошону да сырттагы империя уюштурган. Ошол маалда биздин парламенттик өлкө болушубузга Россия өтө каршы туруп, президент Медведев ачык сындаган.

Ошол урушту тутанткан атайын кызматтагы аскер адамдары да кармалган. Муну азыр баары билет, ортодогу ынтымакка доо кетпесин деп ачык айталбай келе жатышат. Кыскасы, ошол учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосуна от жагуу саясаты жүргөн. Ошол от тутанып кеткенде империялык саясатты жүргүзгөндөр “бир ок менен эки койонду атып”, ЖККУнун аскерлери аркылуу Өзбекстанды дагы чөгөлөтүү максаты болгон.

Аны Каримов аңдап, кыраакылыгын көрсөттү. Биздеги тынчтыкты сактап калды. Ал кишиге ар дайым ыраазычылык билдиришибиз керек. Ислам Абдуганиевич чоң империялардын азгырыгына берилбеш керектигин иш жүзүндө далилдеп кетти. Биз ушуну үлгү тутушубуз керек.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Аргумент.kg