Украинадагы согушта кыргызстандык жигит каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги Телеграм каналы аркылуу Украинадагы согушта теги кыргызстандык орус жараны каза болгонун ырастады.

«Украинадагы демилитаризация жана денацификация боюнча атайын аскердик операцияда тапшырманы аткарып жатып Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, теги кыргызстандык орус жараны Дорбоев Эгемберди Бекказымович баатырларча курман болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта Орусия элчилиги каза болгон аскердин жакындарына көңүл айтканы кошумчаланган. Орусиянын бир катар маалымат сайттары Украинадагы согушта Дорбоев Эгемберди аттуу аскер 8-мартта каза болгонун жазып чыгышты.

22-мартта Орусиянын армиясында кызмат өтөп жүрүп, Украинадагы cогушта каза болгону айтылып жаткан кыргыз жигит Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөнү маалым болгон. Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл аймагынын башчысы Эрлан Жумеков анын сөөгү Кыргызстанга келе электигин «Азаттыкка» билдирген. Окко учкан жигит 19 жашта. Анын сөөгү эртең, 23-мартта Кара-Ой айылына коюлары кабарланган.

Кабарларга караганда, аскер жакындарына 22-февралда телефон чалып байланышкан. Анын Орусияда иштеген апасына тийиштүү мекемелер уулу 8-мартта каза болгонун, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрүн айтышкан.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Аргумент.kg