ТОП 10: Мындай кыздарга үйлөнбөй эле койгула


Булак: oilon.kg

Мындай кыздарга үйлөнбөй эле койгула

“Сулуусун алайын десем-кызганам,
анча эмесин алсам-көчөдө  жетелешип баса албайм,
Бою узунун алсам-таяктайт,
бою кыска-алма тере албайт,
Толук эшике батпайт,арык араң төрөйт,
Тың кыз ушакчы болот,жоош кыз жудөө болот….
Деги кандай кызды аял кылып алам?” деген тамашалуу саптар бар эмеспи. Чындыгында өмүрлүк жар тандоо абдан олуттуу маселелердин бири… Илгери жеңелер бул кырдаалда кеңеш берип келсе,бүгүн интернет сиздин колуңузда. Алдыда кандай кыздарга үйлөнбөй эле коюш керек?деген суроого эксперттердин жообун окуңуз.

  1. Радио айым

Жаагы басылбаган айымдар. Алар токтонсо дем алганы гана токтонот. Эптеп өзү жөнүндө көбүрөөк сүйлөп турушу керек. Бүт баарына коментарий берип турат. Ал өмүр бою сизди тажатып өтөт.

  1. Айласы кеткен айым

Мындай айымдар убакытты шаштырып башташат. Бир эки жолу көрүшкөндөн кийин эле үйлөнүү той тууралуу, ага келе турган коноктордун санын тактап баштайт. Андан ары бешинчи жолугушууда канча балалуу болгуң келет деп сурап башташат. Эгерде чечим өзгөрүп калса андан кутулуу оңой болбойт.

  1. Ашыкча талап койгон айым.

Мындай айымга айды алып берсеңиз да аздык кылат. Алар эч качан ыраазы болбойт. Анын оюу ал ханыша ага баары бир нерсе карыздай жүрөт.

  1. Бимба айым

Бул түрдөгү айымдар жеке мамилелер боюнча теоретикалык жана практикалык билимге ээ бирок алардын акыл эсинин деңгээли талаш жаратат. Баардык эле мырзалар суйкайган сулуу айымдарды көрүп суктанышат бирок сүйлөп баштаганга чейин гана . Аларды ата-энеңиздин үйүнө алып барсаңыз бармагыңызды тиштеп каласыз. Тилекке каршы сиз көчөдөн көргөн көп айымдар ушундай катмарга кирет.

 

  1. Ханайым

Булар да аябай коркунучтуу. Тырмагы сынса да жумушуңду токтотуп келип кал деп чалышат. “Мен салонго барышым керек! Сен эркексинби же жокпу?” “Акчаң жокпу? Демек сен менин мырзам эмессиң” деген сөздөрдү укса болот.

  1. Апа болгон айым

Бул топтогу айымдардын мүнөзү корс бармактары чоң болот. Ага өмүрлүк жар эмес, асыраганга бөбөк керек. “Мени гана угасын!” “Бул кийимди гана кийесин!” Алгач эле белгилерин байкасаңыз качыңыз.

  1. Байлык сүйгөн айым

 Сизди кымбат баалу белектер менен камсыздап турсаңыз гана сүйөт. Биринчи эле жолугушууда аны кандай унаада келгениңиз, каякта кандай үйдө жашаарыңыз кызыктыра баштайт. Белек берүүнү токтоткон күнүңүздө ал айым менен мамилеңизге чекит коюлат.

  1. Клуб айымы

Алардын жүзү жылдыздуу, эриндери чоң, буттары узун бирок акыл эси менен көйгөй бар. Башында мындай айымдар сизди башка мырзалар менен да жакын мамиледе болуп кыжырдантат. Аны түшүнүүгө аракет жасайын десеңиз кечелерден башка эч нерсе баш оорутпастыгын түшүнөсүз.

  1. Феминист айым

Алар айымдардын көпчүлүк проблемалары эркектер тараптан деп санашат. Кээ бир учурда бүткүл эрекектерди жек көрүшөт. Алар менен мамиледе сиз дайыма күнөөлүү деп табыласыз.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу