«Сыналгы, муздаткыч..». Даниэль Ажиев СИЗО-1де кантип жашаганын көрсөттү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

 

Чым-Коргондогу республикалык психиатриялык ооруканадан соттун чечими менен чыгарылган Даниэль Ажиев Бишкектеги СИЗО-1де түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармакка жүктөдү. Анда Ажиев бир кишилик камерада жатканын, ичинде сыналгы, муздаткычы бар экенин көрсөткөн.

Чым-Коргондогу республикалык психиатриялык ооруканадан соттун чечими менен чыгарыл
https://www.super.kg/kabar/news/402125/?fbclid=IwAR1O9W_XPfLl6sY6oDyWYvLQflMfBQ93M-dZ9vaxBFNif0fVlZzJZuhJfLk

 

 

Даниэль Ажиев 2020-жылдын март айында Инстаграмдагы баракчасына видео жарыялаган. Анда муктаждарга жардам таратканын сындагандарга нааразы болуп, кыргыз элин жалпылап сөккөн. Бул окуядан көп өтпөй «расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутууга» айыпталып кармалган. Экспертиза «Ажиев психикалык жактан дарыланууга муктаж» деген корутунду чыгарган.

Кийин соттун чечими менен Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканага жөнөтүлгөн. Ал жактан Чүйдүн Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык ооруканасына которулган. Быйыл февраль айынын орто ченинде Чым-Коргондогу республикалык психиатриялык ооруканасынан соттун токтому менен чыккан.

 

Аргумент.kg