Султанбекова жек көрүндүгө айландыбы?

Кийинки учурда Өкмөттүн социалдык тармагын тейлеген вице-премьер министр Чолпон Султанбекованын ишине ичи чыкпагандар арбыды. Сын айткандардын дээрлик көбү Чолпон айымдын иштин көзүн билбеген мажирөөлүгүн, сөзү менен иши айкалышпаганына нааразы. Чолпон айымдын текеберлиги КСДП лидери Иса Өмүркуловдун дагы безине тийиптип. Койкоктогон менен колунан иш келбеген Султанбекованы «Эки жолу фракция жыйынына келген жок» -деп, ал өзүн ким сезип алган, эси барда этегин жапсын дегендей куйкасы курушту№ Минтип эми эл өкүлдөрүнө жек көрүндү боло баштады… Жагат го өзүнө жек көрүндү болгон.

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу