Сапар Исаков менен Эрмек Нургазиев чоң оюнга аттаныштыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарына он эки саат мэр боло калып, артындагы алдамчылык иштери үчүн айыпталып, кулап түшкөн Эрмек Нургазиев деген эргул бар. Бул бир жарым ай мурда Москвадагы экс-премьер-министр Сапар Исаков классташына жолугуп (экөө Ош шаарында бирге окушкан), жакында чоң оюн кылуу вазыйпасын каңкуулаптыр. Бул жактан Чүйдүн тыңчыкмалары, Алмазбек Атамбаев жана анын электораты колдойт имиш. Сапар Исаков өлкөдөн качып кетип, Москвага инвестиция салып, бизнес кылып жүрөт. Анан каалаган убагында бузуку саясатчыларды чогултуп, бейөкмөтчүлөрдү кошуп, төңкөрүш жасаганга духу жетеби? Азыр кымбатчылык болсо да, элибиз убактылуу кыйынчылык катары түшүнүүдө. Мындай каатчылыктан буюрса өтөбүз. Ал эми төртүнчү кагылышты мамлекетибиз көтөрө албайт, биз улут катары сакталып калышыбыз зарыл!

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg