Парламентте 68 депутаттын Мадумаровго козголгон кылмыш ишине каршы чыгышы бийликке болгон алгачкы реалдуу коркунуч

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Парламен кечээ жакында Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга каршы добуш берди. Муну эки түрдүү кылып түшүнсөк болот. Биринчиси, жемкорлук тилектештик. Эгерде мындай тенденция башталса, анда Мадумаровдун тагдыры башыбызга түшүшү мүмкүн деген ой менен жардамга биригишти. Ал эми экинчи версиясы баягы эле «Чимкириктин» аткарган кызматы. Расмий эмес булактарга таянсак, Минскиден Бакиевдер каржы жана башка ресурстардан Мадумаровго жардам берип турат. Эл өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгүн акчага сатып алуу үчүн албетте каржы келип түшкөн. Биринчисине караганда экинчи версия ынанымдуураак. Анткени Бакиевдер парламентте Мадумаровду кармап туруу менен азыркы бийликке гарда коюп жатат. Алар президентке ишенбейт, Мадумаровду оңтойлуу учурда марионетка президент кылып шайлап алабыз деген пландары бардай. Ошондуктан 68 депутатты сатып алышты. Бул бийликке болгон биринчи реалдуу коркунуч. Жетинчи чакырылыш Минскидеги Мадумаровдун кожоюндарынын тактекесине айлангандыгы айдан ачык болуп калды.

Бурганак Толкунов

Аргумент.kg