Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ, 23-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган активист Мелис Аспековго байланыштуу ишти карап өкүм чыгарды.

Анда Аспековду күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле 3 жабырлануучуга 23 миллион сомдон ашуун акча өндүрүп берүүнү өкүм кылган.

Мелис Аспеков 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашууда Садыр Жапаровдун жакын тарапташтарынын бири болгон. 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган.

Аспеков ага карата козголгон иштерди саясый куугунтук катары баалап келет. 

 

Аргумент.kg