Мавлян Аскарбеков, “Жаңы муун” саясый кыймылынын мүчөсү: «Жалган ырдаган жерде чындык чыркырайт»

– Президент А.Атамбаев атайын билдирүү менен чыгып, “айрым саясатчылар, эркин журналисттер сөз эркиндиги деген ураанга жамынып алып, президент баш болгон бир катар адамдарды не­гизсиз каралап жатат”- деген оюн билдирди. Ынансак болобу?

– “Жалган ырдаган жерде чындык чыркырайт”,- деген сөз бар. КТРК, ЭлТР, 5-канал, НТС, радиолордон, дээрлик баардык гезиттерден бүгүнкү бийликти мактаганын, Кыргызстан өнүгүп жатканын, жада калса “карапайым эл күн санап байып жашоосу оңолуп жатат” дегенин көрүп жатабыз. “Азаттык” жана бирин-экин интернет басылмалары кулаган учактагы жүктүн ээси ким, Максим Бакиевдин жерин басып алгандар ким, элдин кыйналганын, бийликтин тайрандаганын жазып койсо, аларды соттоп, миллиондорго жыгып, айып салып, бузукулар деп жээригени туура эмес. Эл баарын көрүп, баамдап турат. Акаев, Бакиев убагында да мынчалык болгон эмес деп айтып жатышат. Эл баарына тараза, эртеден кечке калпты чапкылаган КТРК болобу, “Азаттыктан” айтылган фактылар болобу баарын баамдап, көрүп, билип турат. Азыркылардын бийлиги мансапка айланып, көзүн май басып калган учуру. “100 грамм алып коёлу”, “сасык партия”, “мен миллио­нер” жана башка сөздөр президент, ажо, журт башчы айта турган сөздөрбү? Бүгүн президентти журналистер эмес, президент элди, оппонеттерин каралап, мазактап жатат десек болот. Элди биримдикке, ынтымакка чакырып, саясый маданиятты көрсөтүп, каралоо, жамандоо, коркутуп, камоо эмес, ачык дебат, диалог, саясый компромисс, кыргызча айтканда сөзгө, кепке келүү болуш керек эле. Бул адамдардын ушундай денгээлинен, кылыгынын айынан бир мамлекет, бүтүндөй кыр­гыз эли кыйналууда.

Булак: Майдан.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу