Көк бөрү учурунда аттан жыгылып 32 жаштагы улакчы каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Түп районунда көк бөрү ойноп жатып аттан жыгылган 32 жаштагы улакчы көз жумду. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Бейшекан Жайлымышова билдирди.

Кырсык 18-март күнү болжол менен саат 17:00дө Кичи-Өрүктү айылында болгон. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, ушул эле айылдын тургуну Р. А. оюн учурунда жыгылганда башына аттын туягы тийген. Аны райондук ооруканага алып келгенде дарыгерлер операция жасоо талап кылынарын айтышкан. Мындан улам жаракат алган улакчыны облустук ооруканага жөнөтүшүп, ал жерден операция жасалган. Тилекке каршы, 19-мартка караган түнү улакчы каза болгон.

Маркумдун артында жубайы жана бир кызы калганы айтылды.

Аргумент.kg