Күйөөм курсагың ток болсо майрам деп кагып…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күйөөм менен чогуу жашаганыбызга он эки жылдын жүзү болду. Балким менин катымды окугандар көнүп деле бүткүдөй болуп калдыңар дешиңер мүмкүн. Ооба биз көнүшүп жашообуз бир нукка түшүп калган. Эки кыз бир уулубуз бар. Бирок акыркы сегиз айдан бери күйөөм аябай өзгөрүп жатат. Жумуштан келген өзүнчө бир бөлмөгө кирип кетет. Балдар барса кагып силкип кууп чыгат. Мени менен деле сүйлошпөйт. Өткөндө улуу кызымдын туулган күнү болуп белгилегени жатсам күйөөм “курсагың ток болсо майрам” деп кагып салды. Кызым бозорупидаман болду. Кызыма катуу тийип калды деп сыртка ээрчитип барып төртоөбүз  белгилеп койдук. Мурда күйөөм балдарынын туулган күнүндө дайыма өзү белегин алып келип берчү эле. Бири нерсеге кабылганбы же эмне түшүнбөй жатам.

Аргумент.kg