Кыргыз аскерин Тажикстандын чек арачылары сабады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз аскерин Тажикстандын чек арачылары сабаганын 22-мартта билдирди. Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, 19-мартта Лейлектин Сада аймагында кызмат өтөп жаткан жоокер чек арада белгисиз автоунаа турганын байкаган. Ал машинени кармоого аракеттенип тажик чек арачылары кароолдо турган аймакка өтүп кеткен. Коңшу өлкөнүн чек арачылары аны кармап кеткен. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин ал Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. Маалыматка караганда, бошотулгандан кийин анын башы жарылып, сыйрылган жана кийими канга боёлгон абалда болгон. Ал тажик чек арачылары менен мушташ болгонун айтып берген. Учурда жоокердин саламаттыгы туруктуу, ал ооруканада дарыланып жатат. Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат. Тажикстандын расмий органдары комментарий бере элек.

Аргумент.kg