Курбум жолдошумду тартып алды…эмне кылам?


Курбум жолдошумду тартып алды…эмне кылам?

Окурмандын окуясы…

Адам баласы ийгиликтүү үй бүлө курганга караганда, ийгиликтүү карьера куруп кетүүсү оңой деп эксперттер айтып келет. Чындыгында чакан мамлекет куруунун түйшүгү жана жоопкерчилиги тоодой чоң. Аны сактап калуу андан дагы мүшкул иш. Жашоонун дагы бир сыноосуна кабылган Нуркыз(аты өзгөртүлдү) атту окурмандын окуясы менен бөлүшүүнү туура көрдүк.

Башында баары жомоктой башталган….

4 ай сүйлөштүк, романтика күнүгө жагымдуу смс, букет, конфет ж.б. Андан соң анын чечими менен баш кошууну туура көрдүк. Свадьба мен кыялдангандай болгон. Кечеде тууган-туушкандарым, ата энем, жакындарым баары бизге суктанып турушкан. Биздин тойго мени жандап жүргөн курбу кызым Айнура да келген, ошондо  жолдошум экөө биринчи жолу таанышкан. Арадан убакыт өтүп эмнегедир крбум Айнура мага бат бат келе баштады. Бирок мен үйдө иш жок отургандыктан, анын келгенин кубанып тосуп алчу элем… Баш кошконубузга 1 жыл айланбай жолдошум мени жактырбай, көп сын пикир айтып нааразычылыгын билдирип үйгө түнөбөй баштады. Экөөбүздүн ортобуз муздагандан муздап баратты. Ошентип жолдошум мени ачык эле кемсинитип, жүрөктү ооруткан сөздөрдү айтып баштаганда мен үйгө кетип калдым… Көрсө мен кеткенден кийин эле ал курбу кызымды үйгө алып келип алыптыр. Алардын мамилесине жарым жылдай болуп калган экен. Бул тууралуу Айнура мага айтып кечирим сурады… Экөөнүн жолун ачып беришимди өтүндү. Менин жакын адамдарым бетиме карап күлүп көзүмө чөп салып жүргөнүнө жаным өрттөнүп турат. Эмне кылам? Кантип кечирем? Кантип жаңы жашоо баштайм? Суроолор көп бирок азыр жооп жоктой, караңгылык каптагандай   болуп турам….Кеңеш күтөм.(аноним)

Самат Алканов, психолог

Ар бир кырдаалдан плюс жана минус жагын карап чыгып, аны кагазга жазып кайсы жагы көбүрөөк болсо ошого жараша чечим кабыл алуу туура. Курбуңуз сиз үчүн дос болсо ал жолдошуңуз үчүн – кадимки эле айым экенин эстен чыгарбоо  керек. Жоолдошуңузда жаралган сезимдерди эч ким алдын ала ала албайт. Бирок бул көйгөдүн келип чыгышна балким өзүңүз да өбөлгө туздүңүз? Анализ жүргүзүү керек… Азыр тынчтанып, сиз менен болгон окуяны кабыл алып, жумушка же хоббиге энергияңызды  жумшаңыз. Эгер мүмкүнчүлүк болсо башка жака көчүп, жерди алмаштыруу ашыкча болбойт. Негизи  мындай оор сыноо сизди  моралдык жактан жаңы тепкичке көтөрөт. Көбүнчө мындай окуядан соң айымдар карьерада ийгилик багындырышат.

 

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу