Кошуналар күйөөм биринчи аялын катуу жакшы көргөнүн айта берет. Эмне кылсам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

27 жаштамын, күйөөм экөөбүздүн тең экинчи турмушубуз. Ортобузда бир балабыз бар, эки жашка чыгып калды. Баш кошуп жашап келатканыбызга 3,5 жыл болду. Мен биринчи турмушумдан ажырашкам, күйөөмдүкү өтүп кеткен. Балам төрөлгөнгө чейин бир да урушпай, жакшы жашап жатканбыз. Кийинки күндөрү көп уруша турган болдук. Кошуналар, биринчи аялын жакшы көрөт эле, жанынан чыкчу эмес, аялына эч бир иш жасатчу эмес, колун сууга салдырбай өзү чуркап турчу, бул аялына орой мамиле кылат экен, деп сөз кылышат экен. Өзүмө да айтышкан. Мен ошого ызаланып, күйөм экөөбүз далай уруштук. Кечээ да сен ошол аялыңды жакшы карачу экенсиң, мага антпейт турбайсыңбы, деп урушуп жатканда «Сен анын теңине келбейсин, ооба, жакшы карагам, ооба, жакшы көргөм, эмне дейсиң», — деди. Күйөөм өзү ичпейт, чекпейт, жакшы адам. Мага деле жакшы мамиле кылат. Ошентсе да ойлор мени эзип жатат. Ойлонбоюн дейм, болбойт. Ажырашып кетким келет, бирок баламдын атасы. Кантип бул абалдан чыкса болот?

Аргумент.kg