Исхак Масалиев: «Акча басып чыгарган станокту иштетип коюп, миллионер болуу коркунучтуу»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Исхак Абсаматович, азыр мамлекеттик органдарда оптималдаштыруу процесси жүрүп жатат. Бирок, ошол эл учурда, кээ бир министрликтерде мурдагыдай эле төрттөн орун басарлар бар экен. Буга сиз кандай баа бересиз?

— Алар кыскарып, он алты министрликтен он экиси калганын айтып жатышат. Бирок, бир министрдин беш орун басары болот (1) деген өтө көп. Мен 22 жылдан бери саясатка аралашып жүрөм. Бир да жолу кыскартуу күтүлгөндөй натыйжа бергенин көрө элекмин. Бир гана 2009-жылы Жогорку Кеңеш чыгашаларын 5 млн сомго кыскарткан. Башка учурларда болсо кыскартуу башка натыйжа менен бүткөн.

Негизи оптималдаштыруунун максаты кыскартуу эмес да. Өзгөртүүлөрдү, кайра курууларды жүргүзүп, бири-бирин кайталаган органдарды жоюп, иштеп жаткандарды татыктуу айлык менен камсыздоо керек. Өзгөчө жетекчи кызматкерлерге жакшы айлык берүү шарт. Уурдабагандай болсун.

— Айлык демекчи, мугалимдин, врачтын айлыгы ашып кетсе миң, же эки миң сомго көбөйөт. Азыркыдай инфляциянын шартында мындан бирдеке өзгөрөбү?

— Бизде жүз миңдей мугалим бар дейли. Алардын ар биринин айлыгына миң сомдон эле кошкондо айына канча болот? Эми жылына канча болорун эсептеп көргүлө. Аябай эле чоң акча. Бирок, көтөрбөсө, болбойт. Же «бюджетте каражатыбыз жок» деп ачык айтыш керек. Айлыктарды көтөрүүнүн эки жолу бар.

Биринчиси, экономиканы өнүктүрүп, салыктарды көп чогултуунун эсебинен.

Экинчиси, өтө коркунучтуу жол — акча басып чыгаруучу станокту ишетететүү. 2021-жылы салык жана бажы кызматы 150 млрд. сом жыйналганын билдиришти. Ал эми министрлер кабинетинин башчысы «бюджетибиз 310 млрд дейт».

Суроо туулат: булар 160 млрд сомду кайдан алышты? «300 млн сом профицит менен чыктык» дешет. Менин билишим боюнча, 2021-жылы көптөгөн пландаштырылган курулуштарга акча берилген эмес. Демек, бюджети жетишпеди да. Анан каяктан ашыкча болот? Мен ушуга таң калам. Же мектепте математиканы начар окуганмынбы? Билбейм…

Жалпылап айтканда, алыбызга жараша иш кылганыбыз оң. Эгер айлыктар көбөйсө, ал бирдеке менен бекемделүүгө тийиш. Анан акча басып чыгаруучу станокту иштетип коюп, ар бирибизди миллионер кылып салса, ал жакшылыкка алып барбайт.

Булак: Азия News гезити

 

Аргумент.kg