Жогорку сот Муртазалиевдин даттануусун канааттандырган жок

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку сот Свердлов округунан талапкер болгон Абдурахманхаджи Муртазалиевдин даттануусун канааттандырган жок. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы тастыктады.

“Абдурахманхаджи Муртазалиевдин БШКнын чечимине каршы даттануусу канааттандырылган жок. Жогорку сот Бишкек шаардык административдик соттун чечимин күчүндө калтырды” дешет басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкектин Свердлов округунда өткөн кайра шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев “добуш сатып алган” деген кине менен четтетилген. Буга нааразы болгон талапкер администрациялык сотко БШКнын чечимине каршы даттанган. Бирок сот анын арызын канааттандырган эмес. Кийинчерээк талапкер Жогорку сотко даттанарын Муртазалиевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакуновабилдирген.

Аргумент.kg