Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жакын арада Орусияга барууну көздөгөн кыргызстандыктарды орус бийлигин сындабоого чакырды. Мындай билдирүүнү ал Телеграмдагы каналына калтырган.
“Жакынкы айларда же жыл ичинде Орусияга барууну же Орусия аркылуу өтүүнү көздөп жатсаңыз орус бийлигин, Путинди же Орусиянын элчилигин сындабоого чакырам. Анткени Госдума Орусиянын мамлекеттик түзүмдөрүнүн иши тууралуу фейк маалыматтарды тараткандарды жазага тартуу боюнча мыйзамды кабыл алды. Орус депутаттары “сындасаңар болот, анткени элчилик начар иштеп жатат” дешүүдө. Бирок ага карабай кандайдыр бир маселелерден оолак болуу үчүн бул кырдаал боюнча жазбоону сунуштайм”, — деген депутат.
Мындай чакырыгын ал Кыргызстандын географиялык абалынан улам Орусияга муктаждыгы менен түшүндүргөн.
“Мүмкүн азыр Орусия аркылуу Европага же башка жакка каттамдар болбошу мүмкүн, бирок ошентсе да кандайдыр бир нерселерди айтуудан карманууга чакырам. Эмне болсо да биз, кыргызстандыктар этият болгонубуз жакшы”, — деген Бекешев.