Даниел Ажиевдин СИЗО-1де түшкөн сүрөтү боюнча ЖАМК үн катты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Даниэль Ажиев жарыялаган СИЗО-1 тергөө абагындагы сүрөттөр эски. Бул тууралуу Govori TVга Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, сүрөт менен видеолор 2020-жылы Ажиев СИЗО-1де отурган кезде тартылган.

«Ажиев СИЗО-1де аз гана убакыт отуруп, Кызыл-Жардагы ооруканага которулган. Ал ички режимди бузганы үчүн тиешелүү жазасын алган», — деп билдиришти мекемеден.

Эске салсак, бүгүн Даниел Ажиев СИЗО-1де түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармакка жарыялады. Бир кишилик камеранын ичинде сыналгы менен муздаткычы бар экенин көрсөткөн.

Ажиев 2020-жылдын март айында «Инстаграмдагы» баракчасына видео жарыялап, муктаждарга жардам таратканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөн. Ошондон кийин Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча шектүү катары кармалган.

Аргумент.kg