Бейшеналиев: Кооз сүйлөгөндү билбейм, мен үчүн иш маанилүү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өзүн сындап жаткандарга министрликтин расмий сайты аркылуу жооп кайтарды.

Ал өз сөзүндө иш ыкмаларына коомчулуктун кыжырдануусун түшүнүү менен кабыл аларын, бирок ошол эле учурда кооз сүйлөй албасын айткан.

«Биздин медицина кыйрап калуу абалында турганы калппы? Медицина тармагын бизнесмендер менчиктештирип алганы жалганбы?» — деген суроо койгон ал жалпыга.

Ошондой эле ал саламаттыкты сактоо системасы көп жылдан бери талкаланып бүткөнүн, медиктердин жетишсиздигин, заманбап жабдуулардын, мамлекеттик лабораториялардын жоктугун, элдин саламаттыгына толук кам көрүлбөй калганын да козгогон.

Буларды айтуу менен ал бийликке практик катары келгенин, баарына көнүмүш сөз менен кутулуп кетүү адаты жоктугун, реформаларды уланта берерин белгилеген.

«Мен саламаттыкты сактоо тармагынын башына аткаминер катары эмес, практик катары келгем. Менде куру сөз менен кутулуп кетүү жок, мен иштин адамымын. Мен үчүн сөздөн да иш маанилүү. Колдонгон ыкмаларым орой экенин мойнума алам. Бирок күн сайын медицинабыздын абалын көргөндө өзүмдү кармай албай калам. Мурункулардай кооз отчётторду берип коюп, чыныгы абалды көмүскөдө кармап отура бергеним жакшы болот беле?» — деген ал.

Муну менен катар Исманкуловдун клиникасы боюнча да айтып өткөн.

«Баары Бейшеналиев Исманкуловду кубалап жатканын көрдү. Бирок ага жеткирген негизги жагдайды ойлошкон да жок. Ал мамлекеттик мекеменин ичине, мамлекеттин акчасына коммерциялык оорукана ачып алган. Болгондо да ооруканалар жетишсиз болуп турган кырдаалда. Ушунча убактан бери бизнесин түптөп, карызынан кутулуп алуусу үчүн Исманкуловго эмне тоскоол болду? Жок, ал жогору жактын колдоосу менен жакшынакай эле иштеп, акча таап жаткан. Ага эч ким буйрук берген эмес», — деген министр.

Сөзүнүн соңунда сын-пикир канча айтылса да, реформасын уланта берерин, медицинаны заманбап талапка ылайык кылып, кайра түзөрүн билдирген. Ошондой эле жарандык активисттерди, жаштарды, коомчулукту саламаттыкты сактоонун абалына жакшылап анализ кылууну сунуштап, аны оңдоо үчүн биригүүгө чакырган.

Аргумент.kg