Акылбек Жапаров: Кыргызстан өзүн тогуз азык менен камсыздоосу зарыл

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров атамекендик кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарба тармагына мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана антикризистик чараларды иштеп чыгуу жаатындагы маселелер талкууланганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Жапаров өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун 9 кластер боюнча, анын ичинде эт продукциясы (бодо мал жана кой-эчки, канаттуулар, балык), сүт продукциясы, ун, кант, өсүмдүк майы, жашылча-жемиштер менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи. «Биз жеңилдетилген кредиттерди берүү жана каржылоо, лизинг аркылуу кластерлерди өнүктүрүү жолу менен агроөнөржай комплексине зарыл колдоо көрсөтүүгө умтулуп жатабыз. Мамлекеттик банктар, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду, «Кепилдик фонд» ачык акционердик коому өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана өлкөнүн тамак-аш азыктарынын негизги түрлөрүнө болгон муктаждыктарын камсыздоо максатында тийиштүү каржылоону сунуштайт. Мен жума сайын азыктүлүк коопсуздугу маселелерин чечүү иретинде жумушчу жолугушууларды өткөрүүгө даярмын» деди Жапаров.

Аргумент.kg