Өрттөн улам 10 наристе каза болду

Индиянын Бхандара шаарындагы оорукананын неонаталдык патология бөлүмүндө чыккан өрттөн кеминде 10 бала каза болду. Бул тууралуу ANI агенттиги  дарыгер Прамод Хандатка шилтеме берүү менен билдирди.

Хандаттын айтымында ишемби күнү кечинде медайым бөлүмгө кирип, көп түтүндү көргөн. Өрт чыккан учурда бөлүмдө 17 жаңы төрөлгөн ымыркай болгон

“Эмне болуп жаткандыгы жөнүндө дароо оорукананын администрациясына кабарлаган, өрт өчүргүчтөр чакырылган. Он бала мерт кетти, жетөө куткарылды”-деди Хандат.


Сиздин пикир