Өмүрбек Текебаев: «Мен дагы деле Жогорку Кеңештин депутатымын»

«БШК соттун чечимине даттанууну көздөп жатат», – дейт Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев. Бул тууралуу ал АКИpres агенттигине билдирди.

Анын айтымында, соттун өкүмү саясий чечим болгону туура эмес.

«Соттун өкүмү күчүнө кирди. БШКнын соттун чечимин аткарууга же апелляциялык даттануу менен Жогорку сотко кайрылууга 3 айы бар. Ошондуктан, мандат ушул убакытка чейин менде, мен — Жогорку Кеңештин депутатымын.

Бирок, азырынча БШК туура чечим чыгарганына ишенип, мендеги маалымат боюнча, соттун чечимине даттанууну көздөп жатат», – деди Текебаев.

Ошондой эле, ал БШК соттун чечиминин негизинде мандаттан ажыратуу тууралуу токтом кабыл аларын айтты.

Эскерте кетсек, буга чейин сот БШКнын Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берүү жөнүндө чечимин жокко чыгарган.


Сиздин пикир