Өмүрбек Бабанов: “Эгер мени шайлашса, анда бардыгы башкача болмок.” 

“Эгер мага добуш беришсе, анда бардыгы башкача болмок”,- деди Өмүрбек Бабанов бүгүн добуш берүү учурунда.

Ал Бишкектеги №70 мектептин имаратындагы шайлоо участкасында добуш берди. Шайлоо участогунда каттоодон өтүп жатып, өз кезинде (сөз президенттик шайлоо жөнүндө болуп жатат) ага добуш беришсе, абал башкача болмок деп билдирди. Ал ошондой эле 2017-жылдагы шайлоодо шайлоочулардын кезеги болгон деп тамашалады.

“Карасаңыз, адамдар өтө эле аз келүүдө. Бул кошумча тизме жоктугуна байланыштуу. Бүгүнкү күндө административдик ресурс дагы алсыз. Ал эми бүгүн, мурдагыдан да, таза шайлоо өткөрүлүшү керек деп ойлойм, анткени административдик ресурс алсыз, талапкерлерге максималдуу мүмкүнчүлүктөр берилгенин көрүп жатабыз“, – деди ал.


Сиздин пикир