Өмүрбек Бабанов: “Мен лотерея өткөрбөй эле элиме жардам берип келгем”

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов анын атынан Фейсбукта фейк баракча ачып, лотерея ойнотуп жаткан жаткандар боюнча билдирүү жазды:

“Урматтуу Кыргызстандыктар! Орозо кабыл болсун!

Бул фейк баракча, мындайларга ишенбеңиздер! Сиздер билгендей, мен лотерея өткөрбөй эле элиме жардам берип келгем”, – делет маалыматта.

Эскерте кетсек, мурдагы өкмөт башчынын атын жамынып, “муктаж адамдарга жардам бергибиз келет” деген баракча пайда болгон. Аталган баракчада акча уткусу келген адам атынын биринчи тамгасын тандап, каалаган белек алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги айтылат. Бул маалыматтын калп экендигин Өмүрбек Бабанов өзүнүн расмий баракчасы аркылуу кабарлаган.

 


Сиздин пикир